Даун синдрому бар балдарда негизги кыймылдаткыч көндүмдөрдү калыптандыруу. Ата-энелер үчүн практикалык жетечилик.

Китептин биринчи басылышы “Даун синдрому бар балдардын  жаш курагынан сүйлөө речин жана социалдашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү ”,  оор турмуштук  жагдайдагы балдарды колдоо Фонду тарабынан каржыланган проекттин алкагында чыкты.

Поле Е.В., Жиянова П.Л., Нечаева Т.Н.

П49 Даун синдрому бар балдарда негизги кыймылдаткыч көндүмдөрдү калыптандыруу: ата-энелер үчүн  практикалык жетечилик / сүрөт Е.Г.Гросман 3- басылыш. – М:. “Даунсайд Ап” Кайрымдуулук фонду, 2016.- 68 бет. (Даун синдрому бар балдар жана анын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү).

ISBN 978-5-904828-25-7

Аталган жетекчилик өзүндө, Даун синдрому бар  балдардын кыймылдаткыч өнүгүүсүн кыскача баяндоо менен негизги кыймылдаткыч көндүмдөрүнүн калыптануу учурунда, үй шартында  ата-энелер  аткара ала  турган оюн сабактарды сүрөттөрү менен камтыйт. Колдонмону түзүүдө голландиялык  физиотерапевт жана Даун синдрому бар балдардын кыймылдаткыч өнүгүүсүнө жардам берген кинезиотерапиялык методдун автору, доктор Лаутеслагердин материалдары камтылган.  “Даунсайд Ап” ата-энелерди коштоочу Борбору менен 10 жылдан ашык убакыт иштешип, Борбордун адистерин автордук кинезиотерапия методун кодонуу ыкмаларына жана ошондой эле, окутуу методикасына үйрөткөн. Бул китепти даярдоонун үстүндө иштеп жатып, авторлор П.Лаутеслагердин иштелмелерине таянуу менен өздөрүнүн Даун синдрому бар эрте жаш курактагы  балдар менен иштөөдөгү  көп жылдык тажрыйбаларын колдонушту.

Аталган колдонмо Даун синдрому бар балдардын ата-энелерине алардын биринчи жылдарынан баштап арналган, ошондой эле кыймылдаткыч өнүгүүсүнүн өзгөчө талаптары бар   балдар менен иштеген адистерге да кызыктуу болот.