Оор турмуштук акыбалдагы балдарды колдоо Фонду тарабынан “Даун синдрому бар балдардын эрте жашында речтин жана социалдашуу көндүмдөрүнүн калыптанышы” проектинин алкагында чыккан китептин биринчи басылышы .
Жиянова П.Л.
Ж76 Даун синдрому бар балдардын речинин жана баарлашуу көндүмдөрүнүн калыптанышы: ата-энелер үчүн колдонмо/сүрөт Е.Гросман, Е.Зотов, А.Португалов. 3-чыгарылыш.-М.: “Даунсайд Ап Кайрымдуулук фонду”, 2016. 144 б.:же- (Даун синдрому бар бала жана анын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүгү).
ISBN 978-5-904828-26-4
Китеп Даун синдрому бар балдардын эрте жаш курагында речинин жана баарлашуу түзүүсүнүн өнүгүүсүнө арналат. Анын негизине ийгиликтүү иштеп жаткан “Даунсайд Ап үй-бүлөнү коштоо Борборунун” иш тажрыйбасынын анализи жана баяндоолору жатат. Китептин негизги өзгөчөлүгү – Даун синдрому бар балдардын үй-бүлөсүнө, ата-энелерине арналгандыгы. Ошондуктан анын лейтмотиви так айтылган: үй-бүлөө, анын атмосферасы, анын жашоо ритми, анын жеке тажрыйбасы – баланын өнүгүүсүнө анын ичинде речинин өнүгүүсүнө эң жакшы чөйрө.
Китепте баланын речинин жана пикир алышуусунун, өз ара аракеттешүүсүнүн калыптанышы үчүн берилген, турмуш-тиричиликте, оюнда колдонулган баскычтык кенен сунуштамалар ата-энелер үчүн гана эмес, эрте жаш курагындагы балдар менен иштешип жаткан адистер үчүн да, кызыктуу, актуалдуу боло алат.