Бул колдонмодо Даун синдрому бар балдардын интеллектуалдык өнүгүү өзгөчөлүктөрү тууралуу жалпы маалыматтар берилип, алар менен дидактикалык иш аракеттерди алып барууну уюштуруу боюнча сунуштар, күнүмдүк жашоодо ойногонго , ата-энелер үйдө иш алып барууда балдарына сунуштай турган тапшырмалар жөнүндө айтылат. Бул маалыматтар ата-энелердин тажрыйбасын кошумчалап, балдарды эмнеге, кантип, кандай ырааттуулукта окутса боло тургандыгын тандоого жардам берүүгө багытталган.
Колдонмо мектепке чейинки жаш курагында Даун синдрому бар балдардын ата-энелерине арналып, мындай балдар менен иштеген педагогдорго да кызыктуу болот.