Айжамалдын баяны

2010-жыл: Кош бойлуулугум татаалыраак өттү. 5 жолу 7-10 күндөн бейтапканада сактанууда жатып чыктым. 6-жолкусунда төрөш үчүн бардым. Төрөтүм да татаал болду, бала алсыз төрөлүп, араң дем алып, кара-көк тартып, кыйкырган да жок. Аны эптеп дем алдырышып, түнү менен тамызма дары алдында коюшту. Мага эртең менен  эрте алып келишкенде, анын ден соолугу чың экендигинен күмөнүм болгон эмес. Адистер балама башка балдардан өзгөчөрөөк мамиле жасашкандыктан, төрөт үйүндө болгон алты күнүм тең мен үчүн түшүнүксүз болду. Баламды  күнүм, коёнегим деп эркелетишчү болду. Муну бардыгы тең байкашты.

2010 –жыл, төрөтканадан чыгып жаткан күн: баланын ден соолугу чың, өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгы жок экендигин ишендиришип, жашаган жеримдеги үй-бүлөлүк бейтапканага катталып коюшумду айтышты. Бул үй-бүлөдөгү биринчи небере болгондуктан, бардыгыбыз үйгө кубаныч менен кайттык.

2010-жыл. Балага 9 күн, таң эрте: Кайын энем үй-бүлөлүк бейтапканага барып, ыйлап келди да: «Биздин Алимде – Даун синдрому бар экен. Бирок силер ыйлабагыла да, өтө капа болбогула» деди. Бирок, бул күтүүсүз жаңылык бардыгыбызды сестентти. Оорулу бала төрөп бергеним үчүн жолдошум мени таштап кетет деген ой дароо башыма келди. Даун синдрому тууралуу эч түшүнүгүм болбогондуктан, үч күн  бою токтоосуз ыйладым. Уулум баспай калабы? Көрбөй калабы? Укпай калабы? Башы чоң болуп, ой-жүгүртө албай калабы? – деген сансыз ойлор санаамды жеп жатты. Бирок жолдошумдун: «Ушундай жаман ойго кантип дитиң барды? Алим менин уулум, ал кандай болсо да өмүр бою менин уулум бойдон калат. Ал эми сага уулум үчүн рахмат айтам» дегени мени жооткотту.

Убакытты өткөрбөй ооруканага бардык. Дарыгерлер: «Сен али жашсың. Дагы төрөп аласың. Ал эми Алим сага кереги жок, кыйналасың. Бизге калтыр» деп сунушташты.  Бала боор эттен жаралат деген чын экен, бейкүнөө наристебизди кантип таштап, кантип тынч жатат элек. Жок, жок, биз анте албайбыз! Адистер уулубуздун сары өңү эми көгөрүп баратканын көрүп чочуп кетишти. Төрөлгөндөн бери 350 грамм салмак топтошу керек болсо, уулубуз күнүнө 5 граммдан кошуп, 9 күн ичинде араң 50 грамм топтогондугу аныкталды. Анализдерин тапшырууга, УЗИден өтүүгө сунуштама беришти. Башы, ички органдары таза  экен. Ал эми жүрөгүндө жумуру сымал тешик бар экендигин, ал коркунучсуздугун айтышып, дары-дармектерден жазып беришти. Андан соң генетикке жөнөтүштү. Ал баланы текшерип көрүп, синдром бар деген божомол менен анализдерди тапшырууга жөнөттү. Андан сырткары бир нече дары дармек, анын ичинде баланын табитин көтөрүү үчүн да дарыларды сунуштады. Интернеттен синдром тууралуу бардык китептерди окуп чыгып, көптөгөн пайдалуу кеңештерди алдык.

2011-жыл, 7 айдан соң:  профилактикалык биринчи дарыланууга бейтапканага жаттык. УЗИден кайталап өтүп, анализдер таза чыкты. Жүрөгүндөгү тешик жабылыптыр. Кубанычыбызга чек жок!!!

2011-жыл, 11 айдан соң: Кариотипке анализ тапшырдык. Даун синдрому деген жыйынтык чыкты. Ага да моюн сундук. Божомолдогон диагноздун болбогонуна сүйүнүп, биздин кубанычыбыз, жүрөгүбүз, бактыбыз жашап тургандыгы үчүн бактылуу болдук!!!

2013-жыл,  2 жаш 3 айында: Кадимки эле сасык тумоодон катуу ооруду. Сасык тумоонун кесепетинен ооруканада 21 күн дарыландык. Эки тараптуу бронхо-пневмония диагнозунда дене 40,5 градуска чейин ысып, аз жерден кайра жандандыруу бөлүмүнө  жатпай калдык.

2014-жыл,  ноябрь: Психиатр текшерип, эпилепсия белгилерин аныктады. Энцефалографияга тартылып, энцефолографиялык эпилепсия деген диагноз коюшту. Бул жылдар аралыгында уулубуздун акыл эси жөнөкөй балдардан бир аз гана артта калып келди.  Ал так сүйлөй алчу эмес, сөз байлыгы өтө жарды болчу. Адистердин сунуштаган дары-дармектерин ичээр менен, уулубуз сүйлөй баштады.

2015-жыл. Биздин  Алимчик бизди атыбыздан чакырып, көптөгөн нерселерди үйрөнө баштады. Бул – бизди чоң кубанычка бөлөдү. Жаныбарлардын бардыгы тууралуу маалымат алып, алардын чыгарган үндөрүн туурай баштады. Жылуулук менен суукту да ажырата баштады. Анын мындай ийгиликтеринин саны көбөйө баштады. Ошентип, биздин кубанычыбыз барган сайын арта берди!!!

2016-жыл:  Биздин уулубуз Алимчик азыр так эмес болсо да, сүйлөйт. Көптү билип калды. Алимчик – менин сыймыгым, сыйлыгым, коргоочум жана сүйүктүү уулум!!!

2016-жыл:  Бул жылдар аралыгында уулум бир нече жолу пневмония, бир нече жолу бронхит, ичеги карындын жугуштуу оорусу, ангина  менен ооруду. Бирок, Кудай колдоп, бардыгынан нак айыкты. Бош убактыбыздын бардыгында аны менен алектенип, сүйлөгөнгө, окуганга, сүрөт тартканга үйрөндүк. 5 жыл бою мен өзүм аны окутканым – менин эмгегим болуп саналат. Ошентип уулум акыл-эстүү болуп өстү. Мындан ары да биз токтоп калбайбыз,   мугалимдердин, дарыгерлердин, бизге окшош балдардын, ата-энелердин жардамы менен окуп үйрөнүүнү улантабыз.

Азыр бардык окууларга катышып, келечекте пайдасы тие тургандардын бардыгына үйрөнүп жатабыз. Майда-чүйдө нерселер үчүн кабатырланып, ыйлай бербейбиз. Ошону менен бирге уулум күчтүү, намыскөй спортчу, пара олимпиаданын чемпиону болуп өсөөрүнө үмүт этем жана ишенем. Даун синдромундагы балдардын фондун өнүктүрүү үчүн учурда биздин бир топ иш пландарыбыз, идеяларыбыз, максаттарыбыз бар.