Даун синдрому бар баланын болочок энесине кат

Бул каттын автору Фонд Сантерранын “Даун синдрому бар баланын болочок энесине кат” аттуу сынактын биринчи орундун ээси деп табылды.

 

Саламатсызбы урматтуу эне!!!

Менин атым Гулькайыр. Мен төрт баланын энесимин . Даткайым уйдун кенжеси. Отуз жети жашымда  көргөн кенжетайым.мен да сиздей Синдром Даунадеген сулуу Даткайым  кыздын энесимин. Айта кетсем кош бойлуулугум менин өтө оор өттү. Топтоголок топтой болуп шишип кеттим,тунку уйку жок , эч нерсе жасай албай калгам.Бирок медициналык текшерүүлөрдө баардыгы жакшы болду: анализим таза,белок жок, узилерде баланын өсүүсү жакшы. Күңундөр өтүп тогуз ай да өттү. Бирок төрөөнун эч кандай белгилери болбоду. Айыман өтуп кеттим,Бишкекке барып узиге тушсөм биринчи узи айына жетте элексин десе,экинчиси айынан өттуп балага кислород жетишпей(ноловой кровоток деп койот экен)жатат деп тез арада кесерово сечения жолу менен төрөтушту. Мен төрөгөндө эле мага “кызыныз трисомия ооруусу менен төрөлду”деп мага ачык айтышты.Ошол мезгилдеги менин акы абалымды элестетип болбойт  Көзумдөн аккан жаш токтобойт,канчалык өзумду колума карманайын десем да өзумду эч кармана албадым.Бут дунуйөдөгу жашоо  мен үчун токтоп калгандай туюлду. Алла Талаамды жек көргөнумду айтын”Эмне учун мага ушундай оруулуу бала бердин,кайсы кунөм үчун,кайсы туура эмес жасаган ишим үчун деп кудайыма да шек келтирдим.Түнкүсүн кызымды боорума кысып алып  кызымдвн кайра кайра кечирим сурам ыйлаганымды айтын. Өзумду өтө көпкө кунөөлөп журдум”Кимге туура эмес иш жасадым экен,кимдин көнулун ооруттум экен же балдарыма туура эмес мамиле жасадым бекен,же ата энемеби же бир туугандарымабы же жолдошумабы айтор эмнени кана ойлободум дейсиз.
Лобораторияга Кариотип тапшырганга чейин эч ишенген жокмун.Врачтар интернеттен Дауна балдардын сурөттөрун көргөзүшуп”Эже, карасаныз, кызыныз ушул балдарга окшош бекен десе”, жок менин кызым алардын эч жерине окшош эмес ,менин кызым атасына ,мага эле окшош деп урушуп атасы экөөбуз “Дауна эмес”деген сороотуу менен журдук. Бирок тагдырдын бешенеге жазганы менен кызыбыздын анализи”Трисомия 21” деп тастыкталып чыкты. Больницадагы врачтардын бир соккусу,экинчиси кызымдын анализинин тактыгы мени өлтургөндөй эле болду.Өзумдун жанымды кыйгым келди,жашагым келбеди. Ишенесизби ошол убакытта квзым Даткайым өлуп калса экен деп да  кудайдан тилендим. “Мен элдин беттин кантип карайм,мындан нары кантип жашайм,кантип көчөдө балам менен жашайм”деп мен кызымдын ден соолугун ойлобой эле элди ойлоптурмун. Сиз мындай жасабан эч качан!!!!
Убакыт өтуп өзумду колго алганга аракет жасадым. Биринчи максатта кызым Даткайымды текшеруудөн өткөрдук:Башында 5мм киста,журөгундө окошка(ООО)ачык экен.Маал малы менен больницага алып барып журөгун,башын текшертип,массаж ,физиолечения,боботерепия,витаминдерин берип келе жатабыз.
Дауна балдардын ата энелерден тузулгөн “Сантерра”фонддунДина эже,Рано эже,Айчурөк эже деген мучөлөрунөн көөп кенеш алдым. Алардын мага берген кенеши кундун энергиясындай мага энергия,стимул берди. Сиз мен кетирген каталарды эч качан жасабашынызды мен сизден суранат элем
Кудайга шугур Даткайым азыр жакшы.1.6жаш. Улам чонойгон сайын кылыктары чыгып ,өтө ширин кыз болуп чонойуп келе жатат.Кадимки балдарга салыштырмалуу өсүсүү бир аз жай болгону менен,калганы кадимки эле балдардай болот экен: Басат,суйлойт ,окуйт,ыйлайт ,кулөт дегендей.
Даткайым азыркы учурда өзу олтурганга уйрөнду,жөрмөлөйт,бир нерсени кармап турганга аракет жасап жатат.Көрбөйсузбу кадимки эле баладай ,болгону бир аз жайырак.
Даткайымдын төрөлушу менин ,биздин үйдун атмосферасын жүз пйызга өзгөртту десем болот. Мурда биз бири бирибиз менен уруша берсек ,азыр ал нерселер азайды.Кечирим сураганды үйрөндүк. Даткайым өтө ширин кыз,Билбейм. Даткайымда кандайдыр бир биоток бардай ,адамды өзунө тартып турап. Аны көргөн адам ал менен сөзсуз турдө ойногусу,суйлөшкусу келет. Биз эшиктен келсек сөззсуз турдө ата ата,апа апа деп кыйкырып жылмаю менен тосуп алат.Бул нерсе мен учун өзунчө бир чон БАКЫТ.Айтынчы ,ушундай кызды кантип анан жаман көрөсун…..
Азыркы учурда арта калган кундоргө өкунөм. Эмне себептен мен ошол мезгилде ушунчалык дини кайыр,мерез болгонума. Өзумдун кана кызыкчылыгымды ойлогонума.
Мен азыркы учурдагы жашоомду кызым Даткайымсыз элестете албайм. Бул “Кун балдары”кандайдыр бир жакшы,
жылуу энергияны чыгарып турушат экен. Атасы ,бир туугандары ,кошуналар Даткайымды абдан жакшы көрушөт. Биз ,бир жакка кетсек,ал жакка жете электе эле атасы,бир туугандары качан келесинер ,биз,Даткайымды сагындык деп турушат. Мен,Алла Таллама Ыразымын. мага ушундай Кун баласын бергенине. Эгерде бул кундөр өтпөгөндө мен азыркы учурда сөз менен жеткиргиз сезимдерди сезбейт элем.
Синдром Дауна эмне экенин,Инвалид деген эмне экенин тушунбөйт элем. Мурда Инвалид десе эч нерсеге жарабаган жашылчаже болбосо мумкунчулугу чектелген деп тушунсөм ,азыркы учурда бардыгы башкача:ар бир адамда чектелүү болот болот экен. Мисалы :Менин бутум орууса мен мен узак баса албайм,ал эми сиздин көзунуз орууса сиз көпкө жакшы көрө албайсыз. Бул нерсе да   чектелуу деп ойлойм….
Андыктан урматтуу жаш апа сизе айтар элем,мен кетирген каталарды жасабаныз,эч качан өкунбөнуз,эч качан ыйөабаныз,эч качан өзунузду кунөөбөнуз,белинизди бекем бунуз.Бул нерсени да Алла Талаам өзу суйгөн пендесине берет экен. Чөйрөнуздө ,өзунузду,башынызды бийик көтөруп ,баланыздын өнугуусунө убакыт бөлун. Көрөсуз учуру келип бул балдардан өтө акылдуу,өтө мээримдуу,өтө боорукер,кыйын актерлор,пионистер,суроөчулөр,бийчилер,сузгучтөр ж.б.у.с. чыгат.
Мен ,Алла Талаама тизе бугуп ар күн(намазга жыгылганда)ыразычылыгымды билдирем. Мага ушундай сонун “Кун баласын”бергенине. Мага ушундай сөз менен айтып буткус сезимдерди сездиргенине.
Даткайым биздин уйдун куту,биздин уйдун жарыгы,биздин дары таблеткабыз десем мен эч жанылбайм.
Мен билем сиз өтө кучтуү,мээримдуу,боорукер,акылман эне экенинизге.
Сизди урматтоом менен Даткайым деген Кун кызынын апасы Гулкайыр.
Синдром Дауна бул бир ашыкча хромосома  менин же атасынын