Айчүрөк менен Бекболоттун баяны

Буга чейин эки уулубуз болгондуктан, кызды биз чыдамсыздык менен күттүк.  Кош бойлуулугум жеңил өтүп жатты. Бирок гинеколог-врач жашымды (37) эске алып, көптөгөн жолу анализдерди тапшыртып, УЗИге жөнөтүп турду. Анализдердин жана УЗИнин бардык жыйынтыктары жакшы чыгып жатты. Менден 12% тобокелдикти аныктаган генетикке да бардык, бирок бул абал 20%га чейин коркунучсуз деп эскертти.

Кызым түн ичинде төрөлгөндүктөн неонатолог наристени эртең менен көрүп, башка врачты да чакырды. Алар бир-нерсе тууралуу өздөрүнчө сүйлөшкөн соң, кызыбызда «Дезэмбриогенездин көптөгөн стигмасы» бар экендигин айтып, Репродукция жана ден-соолук бейтапканасына тез арада барууну сунушташты.

«Дезэмбриогенездин көптөгөн стигмасы»  генетикалык кемчилик экендигин интернеттен дароо таап окудум.

Кариотипке анализ тапшырган соң,  Элида кызыбызга Даун синдрому деген диагноз коюлду. Ошентип, азаптуу күндөрүбүз башталып, туугандарыбыздын колдоосунда кызыбыздын өзгөчөлүгүнө моюн сунууга туура келди. Кайсы күнөөм үчүн кызым ушул илдетке чалдыкканын түшүнбөй, башка балдардан айырмаланып турганына уялып, анын келечегинен коркуп ыйлай берчү болдум.

Интернетти казып, бул синдром тууралуу бардык маалыматтарды окуп, чарчап, чаалыккыча  сиңире бердим. Бир аз убакытка тыныгуудан кийин зарыл маалыматтарда кайрадан издей баштадым.

3 айча  кыйналып барып, араң оңолдук. Кудай бизге өзгөчө бала бергендигин жана буга моюн сунуу керектигин түшүндүк.

Биринчи жыл биз күткөндөй  өтө оор болду. Бирок Элидабыз өзүнүн биринчи жылмаюусу, кыймылы, үн салуусу менен бизди кубандыра баштады. Кызыбыз абдан токтоо, бирок жылмайганда жан дүйнөбүзгө жарык чачыратып жиберет. Алаканын чапкылап, оюнчуктар менен ойногонго үйрөнө баштады. Биринчи тиштери жарылып чыгып,  11 айында отуруп калды. Көп өтпөй эмгектей да баштады.

Азыр Элида таяныч менен тик туруу аракетинде. Ал биздин бактыбыз жана кубанычыбыз!!!

Элида менен өткөн жыл бизди жашоого, адамзатка, баалуулуктарга  башкача көз караш менен кароого үйрөттү.

Эми келечекке оптимисттик маанайда карайбыз!