Баяндар

Даун синдрому бар баланын болочок энесине кат

Бул каттын автору Фонд Сантерранын “Даун синдрому бар баланын болочок энесине кат” аттуу сынактын биринчи орундун ээси деп табылды.   Саламатсызбы урматтуу эне!!! Менин атым Гулькайыр. Мен төрт баланын энесимин . Даткайым уйдун кенжеси. Отуз жети жашымда  көргөн кенжетайым.мен да сиздей Синдром Даунадеген сулуу Даткайым  кыздын энесимин. Айта кетсем кош бойлуулугум менин өтө оор өттү. […]

Айжамалдын баяны

2010-жыл: Кош бойлуулугум татаалыраак өттү. 5 жолу 7-10 күндөн бейтапканада сактанууда жатып чыктым. 6-жолкусунда төрөш үчүн бардым. Төрөтүм да татаал болду, бала алсыз төрөлүп, араң дем алып, кара-көк тартып, кыйкырган да жок. Аны эптеп дем алдырышып, түнү менен тамызма дары алдында коюшту. Мага эртең менен  эрте алып келишкенде, анын ден соолугу чың экендигинен күмөнүм болгон […]

Айчүрөк менен Бекболоттун баяны

Буга чейин эки уулубуз болгондуктан, кызды биз чыдамсыздык менен күттүк.  Кош бойлуулугум жеңил өтүп жатты. Бирок гинеколог-врач жашымды (37) эске алып, көптөгөн жолу анализдерди тапшыртып, УЗИге жөнөтүп турду. Анализдердин жана УЗИнин бардык жыйынтыктары жакшы чыгып жатты. Менден 12% тобокелдикти аныктаган генетикке да бардык, бирок бул абал 20%га чейин коркунучсуз деп эскертти. Кызым түн ичинде төрөлгөндүктөн [...]

Дина менен Нурмат Эшалиевдердин баяны.

Ар бир адамдын жашоосунда экиге бөлүнгөн: «чейинки» жана «кийинки»  мезгил бар. Учурунда мен абдан бактылуу элем! Сүйүктүү жарым, акылдуу-уулум жана  жакында төрөлө турган кызым бар болчу! Бактылуу үй-бүлө үчүн мындан артык эч нерсенин кереги жок эле. 2011-жылдын 5-сентябры менин эсимде өмүр бою сакталып калды. Эртең менен эрте уулубузду өнүктүрүү борборуна алып барып, кезектеги УЗИге жөнөдүк. [...]