Баарлашуунун алгачкы кадамдары. Кантип түшүнүү керек жана эмне кылуу керек?

Сүрөттөө

Макалада баланы эрте жашынан баштап баарлашуунун эрежелери жана мыйзамдары менен тааныштыруу, ага башка адамдардын ички чектерин бузбоосун үйрөтүү жана өзүнүкүн сактоосун үйрөтүү жөнүндө.  Макалада баланын жашоосунда келип чыгышы мүмкүн болгон конкреттүү көйгөйлүү абалдар каралган. Ошондой эле контролдоосу кыйынга турган балдарынын реакциялары менен каршыга келген ата-энелердин жүрүм-турум стратегиясы тууралуу психологдун кеңештери чагылдырылат. Автордун айтымында көп нерсе ата-энелердин тажрыйбасынан көз каранды. Татаал учурларда өз ара аракеттенүү жана өздөрүн анан баланын кыймылдарын контролдой билүү жөндөмдөрүнө дагы көз каранды.

Булак

 «Сделай шаг» № 1(57) Журналы

Автору

Степанова Вера Анатольевна, «Даунсайд Ап» Кайрымдуулук фонду

Чыгарылган күнү

2018-жылдын 19 – июлу

Укуктук ээлик

“Даунсайд Ап” Кайрымдуулук фондуна таандык

Ымыркай чоңоюуда. Айланасы менен болгон мамиледе күн сайын жаңы тажрыйбаларды алып келе турган убакыт дагы келет. «Башка» нерсеге кызыгуу, балабы, же чоң кишиби – боло турган каалоо. Жети-сегиз айлык баланын бейтааныштардын алдында коркуусу артта калды, бала дүйнөгө ачык, баланын бул дүйнө менен баарлашууга талаптары чыга баштайт. Бирок баарлашуунун дагы өзүнүн эрежелери жана мыйзамдары бар.

Ар бир адамда өзүнүн ички чектерин сезүү бар, башкача айтканда, кайсы бир жерде «мен», ошол эле учурда «башкалар» дагы бар болгонун түшүнүү. Өз ара арекеттенүү абалдарында, кээ бир адамдардын баарлашуу боюнча өнөктөштү кое бере турган «чек ара сызыгы» кыскараак болсо, кээ бирлеринде бул алысыраак болот. Бул көптөгөн социомаданий өзгөчөлүктөргө көз каранды. Мисалы, Европанын кээ бир өлкөлөрүндө кол кармашып учурашуу кабыл алынган, башкаларында адамдар жолугушканда кучакташып учурашышат, Россия Федерациясында болсо жакшы каалоо көз карашы менен коштоп сөз менен учурашкан кабыл алынган.

Мунун бардыгына бала коомго аралашып, өзүнөн өзү, чоңдордон мисал алуу аркылуу үйрөнүүсү зарыл. Эгерде бала жалпы кабыл алынган эрежелерди бузса, башкалардын чегин сактабаса жана айткан сөзүнө турбаса эмне кылуу керет? Бул суроого жооп бере электен мурун, балада баарлашуу өнүгүүсү кандай болоорун талдап чыгалы.

Советтик психолог Майя Ивановна Лисина баарлашууга төмөнкүдөй аныктама берген: «Мамиле түзүү жана жалпы натыйжага жетүү үчүн күчтөрүн бириктирүү максатында ар кандай маалыматтар менен алмашуусу учурундагы адамдардын белгилүү түрдө өз ара аркеттенүүсү.  Психологиянын көзү менен карганда, баарлашуу, бардыгынан мурда өз ара аракеттеннүүдөгү башка катышуучуга субъект катары багытталган мүнөздөмөдө болгон ишмердүүлүктүн өзгөчө түрү».

 

 

Биринчи этап

Баланын кумда ойногонуна көз салып отурган ата-энелер көп: Алар «Эмне үчүн менин балам башка балдар менен ойнобойт?» – деген суроо беришет. Бул жерде баланын жашы канчада болгонуна көңүл бөлүү керек.

Бир жаштагы баланын башка балдарга болгон кызыгуусу, аны өзүнүн чагылышы катары көргөнү менен мүнөздөлөт.  Кичинекей балдар жаш боюнча тез эле «өзүнүкүн»  аныктай алып, аларга башкача кызыгуу менен карашат. Алар ошондой эле кичинекей баланы абдан жакшылап карашып, аларга күлүшөт жана колдорун сунушат. Башкача айтканда алардын жашына ылайык болгон баарлашуу ыкмасын көрсөтүшөт.

Бул «башканы» изилдөөсүндө баланы ата-энелери коштойт жана ошол эле учурда баланын өздүк чегин сактоосун үйрөтүшөт. Мисалы, баланы башка балага жакындатууда белгилүү бир чекке чейин жакындатышат, аябай жакын болбостон жана мээрим менен балдардын бири-бирине көңүл буруусун жасап: «Карачы кандай бала/кыз экен! Саламдаш, салам деп айт» – деп айтышат. Бул баланы чоңдор үйрөтө турган биринчи коммуникация. Бул этапта чоңдун «проекциясын» аныктоого болот. Баласын ал ашыкча контактан кантип чектегенин, абалды кооптуу же коопсуз жагдай катары кандай түшүндүргөнүн, өзүнө жана баласына канчалык жакындоого уруксат бергенин байкаса болот. Кичинекей балдар өз алдынча деле бири бирине жакындашышат, же белгилүү бир аралыкка алысташышат.

Көйгөйлүү абал:

Бала башка балага колун сунду, анын бетин кармалап, чачын кармады.

Баланын кыймыл аракети түздөн-түз импульска таасирленет, жана импульс бул – кызыгуу. Кээ бир ата-энелер баланын кызыгуусу менен агрессияны чаташтырып алышат.

Эмне кылуу керек?:

Өзүңүздүн абалыңызды контролдоп көрүңүз. Баланы акырын тартып, аралыкты көбөйтүңүз, оң контактты колдоону уланта бериңиз, шырылдакты алыңыз, баланын көңүлүн ага буруңуз, аны менен эки баланы тең алаксытыңыз.

Экинчи этап

Кийинки этапта, баланын бирден үч жашка чейинки жашында предметтер менен кызыгып ойношот, балдардын кумдагы баарлашуулары «жанында ойноо» деп аталат. Бул жалпы оюн чөйрөсү болгонун, балдар аны каалоо менен өздөштүргөнүн, бирок азырынча бири-бири менен өз ара аракеттенүү болбогонду билдирет. Өз ара аракеттенүү эми ортого чыгып келатат. Бул мындайча болот: Бала өзүнүн оюнчугу менен ойноп жатканда, аны башка бир бала көрүп калат дагы аны алгысы келет. Ал азырынча уруксат сурай албайт, жалгыз гана кызыгуу импульсуна жана ойноо каалоосуна баш ийип, жакындайт жана каалаган предметин алат. Бул жерде эми чоң кийлигишет. Ал экинчи балага кайрылып: «Сага оюнчук жактыбы, муну менен Петя ойноп жаткан да», – деп айтат. Кийин ал өзүнүн тажрыйбасына  жана кабыл алынган эрежелерге жараша стратегияны сунуш кылат. Бул этапта алгачкы конфликттер келип чыгат, бул жерде өздөрүнүн балдарын контролдоосу кыйынчылыкка турган реакциялары менен кезигишүүгө дуушар болгон ата-энелердин жүрүм-турум стартегиясы жакшы байкалат. Бул учурда бардыгы ата-энелердин жеке тажрыйбаларына көз каранды, ошондой эле чыңалуу абалындагы өз ара аркеттенүү жана өзү менен баланын аракеттерин контролдоодогу жөндөмдөрүнө көз каранды.

Көйгөйлүү абал:

Бала башка баланын оюнчугун алып койду.

Баланын мындай жүрүм-туруму анын таанышуу кызыгуусуна байланыштуу келип чыкты. Биринчи этапта ал башка балдарды байкоону үйрөнгөн. Эми ал аракетке өтүүнү каалап жатат.

Эмне кылуу керек:

Мындай абалды көрөөрүңүз менен өзүңүздүн сезимдериңизди баалаңыз – качан кийлигишүү керек экенин баамдаңыз. Балага башка оюнчукту сунуштаңыз, ага анын көңүлүн буруңуз, аны менен кантип ойноону көрсөтүңүз. Чогуу ойнолотурган оюнчуктарды тандасыңыз болот, мисалы топ, аны башка бала менен чогуу тоголотуңуз. Ашыкча морализатордуктан качыңыз («Оюнчукту алса болбойт!» сыяктуу), биргелешкен оюндарды уюштурууга аракет жасаңыз («Кел чогуу ойнойлу!»). Кандай жүрүш-турушту чоңдор колдоп кубатташканын, кандайга көңүл бурбаганын бала тез эле өздөштүрөт.

Көйгөйлүү абал:

Бала өзүнүн оюнчуктары менен бөлүшкүсү келбейт. .

Чоңдор баланы сараң деп ойлошу мүмкүн. Бирок мындай жүрүм-турум балада өзүмдүкү деген сезим пайда болгонун билдирет («Бул меники») жана бул «өзүнүкүн» коргоо каалоосу.

Эмне кылуу керек:

Баланын сезимин сыйлагыла. Эмне үчүн бала анын оюнчуктарын калкалап жатканын, эмне үчүн өзүнүн «территориясын» коргоп жатканын ойлонуп көрүңүзчү. Оюнчукка балким, бала өзүнүн ойлору менен ынтызаарлангандыр, ошондуктан бала өзүнүкү менен чоңдордун багыттоосуу болбостон эле каалагандай тескей алат да. Эгер бала бир нерсени айтканындай кылып жатса, жок дегенде көңүлгө алынышы керек болгон мунун бир себеби болгонун өзүңүздүн мисалыңыз менен түшүндүрүңүз.

 

Үчүнчү этап

Балдарды оюнун өнүктүрүүнүн үчүнчү этабы келип жетти. Бул биргелешкен оюн. Ал балдар тартылган жалпы сюжет менен мүнөздөлөт. Мисалы, балдар чогулуп автоунаага жай курушат, кыздар болсо – «эне-кыз» оюнун ойношот.

Оюн символикалык мүнөздү түзөт, балдар «чыныгы сыяктуу» ойношот. Бул элестетүү, эс-тутум, ойлонуу жана башка психикалык функциялардын өнүгүүсүнө чоң стимул берет. Мындай оюндардын баалулугу, так ушундай оюндарда балдар адамдардын мамилелериндеги бардык татаалдыктарды өздөштүргөндөрүндө, тиги же бул «чоң адамдын» ролун өзү аткарып көрүүдө, натыйжада баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүүдө жатат.

Көйгөйлүү абал:

Бала башка бала менен ойногусу келип жатат, бирок ал бала муну өзүнү оюнуна кабыл албай, көңүл бурбай жатат.

Балдарын башка оюндарга кошпогону, кабыл албаганы ата-энелерге көбүнчө мындай абал кейиштүү. Ошол эле учурда бала өзү бул абалды башкача кабыл алышы мүмкүн.

Эмне кылуу керек:

Уулунун же кызынын кыйынчылыгы эмнеде экенин, эмне үчүн биргелешкен оюндун болбой жатканын байкоо керек, балага «өзүнүн» вариантын сунуштоо зарыл. Чоң адамдарда өз ара аракеттенүү тажрыйбасы көбүрөөк эмеспи.

 

Көйгөйлүү абал:

Балага оюн учурунда «ээрчиген» ролдор берилет.

Балдар менен болгон оюндарда баласынын инициативсиз болуусу, экинчи даражадагы ролдорго макул болуп ойноосу ата-энелерге жакпашы мүмкүн. Ошол эле учурда бала болсо бул абалды оңой эле кабыл алат, жалпы оюндарга жок дегенде мындай роль менен болсо дагы кошулганы, таптакыр кошулбаганга карганда алда канча жакшы да.

Эмне кылуу керек:

Биргелешкен оюндар ролдордун алмашуусуна жол берээрин унутпаңыз. Сиз менен ойноо учурунда ага жетекчилик ролдорду берип, тажрыйба топтотуңуз. Сиз менен машыккан көндүмдөрүн ал башка балдар менен ойногон учурунда «жетектөөчү» ролунда ойноору толук мүмкүн.

 

Бардык жаш этаптарында, бардык жогоруда келтирилген мисалдарда чоң адам бир кадам алдыда болуусу керек. Советтик улуу психолог Л.С. Выготский айткандай, балага анын «жакынкы өнүгүү зонасын» көрсөтүп, башкача айтканда балага жакынкы учурда эмнени өздөштүрүүсү керек болгонун үйрөтүү. Бул окутууда өз ара аракеттенүүнүн тиешелүү ыкмалары,  баарлашуу маданияты, ошондой эле өзүнүн жана башкалардын жеке чектерин сактоонун алгачкы тажрыйбалары менен таанышуу дагы киргизилүүсү зарыл.

Лисина М. И.     Балдарда баарлашуу формасынын калыптануусу/ Жаштык жана педагогикалык психология – М. : Москва университетинин басмаканасы, 1992-ж.