Басуу өнүгүүсүнүн этаптары

Сүрөттөө: Басуу өнүгүүсүнүн этаптары

Автору: Жиянова Полина Львовна «Даунсайд Ап» Кайрымдуулук фонду

Басылып чыккан күнү: 2009- жылдын 22-апрели

Укуктук ээлик:  «Даунсайд Ап» кайрымдуулук фондуна таандык

 

Ар бир балада каалаган объекттин багыты боюнча бир орундан экинчи орунга жылуу муктаждыгы бар. Бала муну горизонталдык абалда жасайт: курсагында же төрт буттап жөрмөлөйт, кээде жөн гана томолонушат.

Үйдүн ичинде жетеленген бала, бир орундан экинчи орунга жылуу умтулуусунан (стимулунан) ажырап калат. Жөрмөлөө, толук өздөштүрүлбөстөн туруп калат. Ата-энелери болсо жөрмөлөөнүн ордуна басуу болот деп үмүт кылышат. Бирок бул мындай эмес.

 

Төмөнкү суроого жооп бериңизчи: өз алдынча басууга кандай жөндөм керек: буттарды бастыруу жөндөмүбү, же экинчи кадамды таштоо үчүн, бир бутуна салмакты таштоону өткөрүүдө тең салмактуулукту сактай билүүбү?

 

Сиз баланы жетелеген учурда, ага маанилүү тең салмактуулугун сактоо көндүмүн өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берестен, аны сиз камсыз кыласыз.

Жетелеп баскан учурда, сизге ыңгайлуу тарапка баланын салмагын тартканыңыздан, бала абалын теңдеш үчүн карама каршы тараптагы бутунун учу менен басканын, натыйжада туура эмес майтык басканын, тиги бутун сүйрөп басканын айтпай эле коеюн.

Баланы аркасынан колдоп бастыруу, жалгыз гана бала таянычтын жээги менен жакшы жана ишеничтүү басканда, бирок  андан алыстагандан корккондо кандайдыр бир мааниге ээ.

 

Баланын басуу өнүгүүсүнүн этаптарын атасам

  1. Бала таяныч менен турат. Эгерде бала таянычтан кайра отурганды билбесе, сиздин тапшырмаңыз аны мүмкүн болушунча эртерээк үйрөтүү болуп саналат. Баштапкы этаптарда бала турам деп атып жамбашына отуруп калышы боло турган көрүнүш. Бул үчүн ал кичине астыга ийилип, анан жамбашын койгону жакшы. Отургучка акырын отуруп көрсөңүз, эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнөсүз. Бул кыймылды бала кылып жатат, бирок ал тизелерин бүкпөй койсо болот. Бул дагы нормалдуу нерсе. Эң башкысы бала чалкасынан жыгылбоосу керек.
  2. Бала таянычта ишеничтүүрөөк турганды үйрөнүүдө. Эгерде ал, диванда туруп алып, башында бардык денеси менен таянып турса, эми ага азыноолак бир колунун манжалары менен таянган жетиштүү болуп калды.
  3. Балада тизелеринин динамикалык туруктуулугу пайда болот. Ал «кайра тепселөө» сыяктуу болуп, бул учура ал бир бутунда туруп, тең салмактуулуктун сакталышында тажрыйба топтойт.
  4. Бала таянычты жээктей басууну баштайт.
  5. Бир таянычтан экинчи таянычка акырындык менен аралыкты чоңойтуп өтө баштайт.

Бул деңгээлге жеткенде, баланы эшикке алып чыгып бастырса болот.

Үйдө ал кызыккан объектке/субъектке өзү баруусу зарыл, бара алат дагы. Бул жалгыз гана кыймылдарды өнүктүрбөстөн, максатка багыттуу иш алып баруусун өнүктүрөт, бул өз алдынча жүрүм-турум моделин калыптандырат дегенге барабар.

Эшикке баланы чыгарган кезде, аны жамбаш жагынан кармап бастырган оң. Мындай учурда ал өзү басат, сиз болсо жөн гана аны колдойсуз, тең салмактуулугун жоготуп жамбашына отуруп калышын, акырын түшүүсүн камсыздайсыз.  Муну менен сиз ага башы менен жерди сүзбөй жыгылганды үйрөтөсүз.

БАСТЫРГЫЧТАРДЫ КОЛДОНУУ МЕНЕН ЖАНА ЖЕТЕЛӨӨ МЕНЕН СИЗ БАЛАНЫН ӨЗ АЛДЫНЧА ОРУН КОТОРУУ ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫН АЗАЙТАСЫЗ, ДЕМЕК СИЗ МААНИЛҮҮ БИР ДЕҢГЭЭЛДЕ БАЛАНЫН ЖӨРМӨЛӨӨСҮН ЖАНА ӨЗ АЛДЫНЧА БАСУУСУН КЕЧЕҢДЕТЕСИЗ.

 

https://downsideup.org/ru/catalog/article/etapy-razvitiya-hodby