Биздин граммдар жана сантиметрлер: физикалык өнүгүү

Даун синдромдуу балдарга адистер тарабынан да, ата-энелер тарабынан дагы көңүл бөлүү талап кылынат. Чоңоюу темпы жана салмак алуусу анын дени сактыгынын абалы тууралуу көп нерсени айта алгандыктан, негизи бул процесстин кандай жүргүзүлгөнүн билип турганыбыз зарыл.

Булак:

“Сделай шаг” Журналынын №2 (46)

Автору:

Семенова Наталия Александровна, «Даунсайд Ап» кайрымдуулук фонду

Чыгарылган күнү:

2012-жылдын 1-октябры

Укуктук ээлик:

«Даунсайд Ап» кайрымдуулук фондуна таандык

 

Ымыркай бул дүйнөгө келери менен, дарыгерлер токтоосуз анын боюн, салмагын, башынын айланасын жана төшүнүн айланасын ченешет. Педиатрлар үчүн бул көрсөткүчтөр эмне себептен улам маанилүү? Боюнун өсүү темпы жана салмак алуусу анын ден сактыгынын абалы тууралуу көп нерсени көрсөтүп билдиргенинен абдан маанилүү. Мисалы, эгер ымыркайдын жакшы салмак кошо албай жатканы, жүрөк-муун тутумундагы, ичеги-карын жолундагы бузулуулар, ошондой эле неврологиялык бузулуулардын пайда болушунун биринчи симптомдору болушу мүмкүн.

Ымыркайдын өсүүсүн аныктоо үчүн белгилүү убакытттарда өткөрүлүүчү, удаалаш өлчөмдөр анализ кылынат. Бул өлчөмдөрдүн натыйжаларын баалоодо бир нече негизги ыкмалар бар. Көнүмүш таблицаларды колдонбостон, перцентильдик графиктерди колдонуу абдан ыңгайлуу. Бул графиктер жалгыз гана ошол учурдагы алынган натыйжалардын нормаларга туура келүүсүн көрсөтпөстөн, жалпы жонунан эле өсүү темпы тууралуу көрсөтүү дагы берет.

Даун синдромдуу балдар төрөлгөндөн баштап эле өсүү мезгилинин аягына чейин жайыраак өсүү темпы болгону баарыбызга белгилүү. Башка тараптан, мындай балдар үчүн ашыкча салмактуулукту эртерээк алдын алуу өзгөчө мааниге ээ. 21-хромосомунда трисомия болгон баланын өсүү темпин баалоодо, кадимки балдар үчүн иштелип чыккан график боюнча баалоо, абсолюттук түрдө маалыматсыз болору талашсыз. Мындай балдардын физикалык өсүшүн баалоо үчүн, аларга атайын жасалган таблицаны колдонуу керек, аны колдонууда белгилүү бир аймактын расалык-этникалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу зарыл.

Америкалык окумуштуулардын күч аракеттеринин аркасынан, биринчи жолу мындай атайын графиктер 1988-жылы пайда болгон. Кийинчерээк булар жалгыз гана АКШ эмес, Португалияда, Швецияда жана башка өлкөлөрдө дагы Даун синдромдуу балдар үчүн чыгарылган. Азыркы учурда адистер бул графиктерди иштеп чыгууда зор көңүл бурушууда, анткени алардын зарылчылыгы абдан жогору болгону далилденген. Россия Федерациясында окумуштуулардын тобу перцентильдик графиканы иштеп чыгып таанытышты. Бул графикалар 21-хромосомунда трисомия болгон балдардын төрөлгөндөн баштап 12 айлык болгонуна чейин анын боюнун узундугун, салмагын жана башынын айланасын өлчөөдө колдонулат. Бул иштелип чыккан график үй-бүлөдө тарбияланган 514 баланын 4538 ченемдеринин негизинде пайда болгон.

 

 

Даун синдромдуу балдардын боюнун, салмагынын жана баштарынын көлөмдөрүнүн көрсөткүчтөрү

Перцентильдик график менен кантип колдонсо болот? Ар бир баланын амбулатордук картасында мындай графиктин болуусу жакшы. Ай сайын баланын боюн, салмагын жана башынын көлөмүн өлчөгөн соң, алынган натыйжалар графикте белгиленет. Эгерде белгиленген чекит 25-центильден баштап 75-центилге чейинки аралыкта болсо, анда кам санабаса болот. Бул аралыктардын тышында болсо, анда баланы токтоосуз түрдө кароодон өткөрүп, «акыркы» көрсөткүчтөрдүн себептерин аныктоого туура келет. Кийинчерээк көрсөтүлгөн чекиттер бири-бирине кошулуу менен баланын өсүшү, салмагы жана башынын көлөмү көрсөтүлөт.

 

https://downsideup.org/ru/catalog/article/nashi-grammy-i-santimetry-fizicheskoe-razvitie