Рахаттануу менен пайдалануу

Сүрөттөө: 

Даунсайд Аптын Логопед-методисти Ирина Панфилова бардык ата-энелерди кызыктырган суроолорго жооп берет: мектепке чейинки балдар компюьтерде ойноосо болобу. Ал бир нече өнүктүрүүчү компьютердик оюнадарды сунуштайт. Ал оюндар эгерде мындай убакыт өткөрүүгө туура багыттуу колдонулса, балага пайда келтирет, баланын окууга кызыгуу жана жазуу, окуу жана эсептөө көндүмдөрүн өздөштүрүүсүнө жардам болот.

Булак

 “Сделай шаг” Журналы, № 1 (53)

Автору

Панфилова Ирина Анатольевна «Даунсайд Ап» Кайрымдуулук фонду

Чыгарылган күнү

2016-жылдын 1 майы

Укуктуук ээлик

«Даунсайд Ап» кайрымдуулук фондуна таандык

Бардык балдар компьютердик оюндарды жакшы көрүшөт. Ата-энелер, бала компьтерде ойносо болобу, телефондо же планшетте, кандай оюндар болот деп көп сурушат. Азыркы компьтердик технологиянын катуу өнүккөн учурунда жада калса мектепке чейинки баланы дагы замандаш гаджеттерди колдоонуудан коргой албайбыз. Ошондуктан мындайда туура багытты тандообуз керек: мындай убакыт өткөрүүнүн пайдалуу дагы зыяндуу да жактарын эске алуу зарыл. Эгерде сиздин балаңыз күнүнө 15 минуталык убакытты өнүктүрүү оюну менен өткөрсө, анда бул пайдалуу болушу мүмкүн.

Кичинекей баланы окутуу негизинен байкоо жана кайталоо процессинде жүргүзүлөт. Бир эле кыймыл аракеттин көп жолу кайталанылышы  – анын көнүгүүсүнүн негизи болуп саналат. Көп учурларда компьютердик оюндар ошол талапка жооп беришет. Туура тандалган компьютердик оюн Даун синдромдуу бөбөктүн таанып-билүү жана үйрөнүү жигердүүлүгүн жакшы стимулдаштырышы мүмкүн.

Балага оюндарды тандоодо, анын жардамы менен баланын кайсы көндүмдөрүн өнүктүрүүнү каалаган болсоңуз, ошого жараша тандаган жакшы болот. Биздин балдар үйлөрүндө дагы, Даунсайд Аптын логопедиялык сабактарында дагы кубаныч  тартуулаган жана пайдасы тийген бир нече оюндар бар. Ошондуктан аларды  сунуштаса болот. Балага кантип кыймылдоону, манжа менен эмнени басууну, эмне деп сүйлөөнү  көрсөтсөңүз, ал бул кызыктуу жана өнүктүрүүчү сабакты ылдам эле өздөштүрө алат.

 

  1. «Алиппе»(Whisper Arts Компаниясы).

 

 

Бул программа 3 жашар жана андан улуу балдар үчүн орус алфавитин үйрөтүүгө багытталган.  Эч бир ашыкчалыгы болбогон, жакшы тиркеме. Тамгалар так айтылган. Ата-энелер  орнотууда «тамгаларды айтуу» функциясын өчүрүп салуусу керек, анткени эки үн менен баланын башын айлантпоо керек.  Азырынча бала тамгаларды кандай айтылуусун өздөштүрсүн, мисалы «с», «эс» эмес эле.

  1. «Математика»(Whisper Arts Компаниясы).

Тиркеме сиздин балаңызга санаганды үйрөтөт. Алгач ал цифраларды эстеп калат, кийин алардын айланасын тарта алат, алар менен ойноп, жакшы көргөн ончуктарын санайт. Булардын бардыгын башында балаңыз менен бир нече жолу кайталаңыз, кийин бала өзү эле математиканы өз алдынча окуй баштайт.

  1. «Муундап окуу» «Слоговозик».

Бул оюнду окуганды үйрөнүп жаткан балага сунуштаса болот, ал тааныш тамгаларды сөздөргө бириктирүүгө жардам берет. Бала паровозчосунан  мүчөлөп окуп таттуулардын кооз өлкөсүндө саякаттайт. Жол боюнча паровоз ар бир чогулган сөздөр жана муундар үчүн белектерди топтойт. Эгерде балаңыз алиппедеги бардык тамгаларды таанып, бирок окуганды биле элек болсо, бул оюн окуу көндүмүн жакшы өздөштүрүүгө жардам берет

Макала Фонд Сорос-Кыргызстандын жардамы менен даярдалды.