Чындык жана миф

Биздин өлкөдө Даун синдромундагы адамдарды көпчүлүк эл түшүнбөй келет. Аларды акылы кемтик жана билимин өстүрүүгө болбойт деп эсептешет. Ошону менен бирге алар адамга чындап бериле албайт, агрессивдүү же болбосо бардыгына эле ыраазы боло берет деген түшүнүк да калыптанып калган. Бирок бул стереотиптер маданияты өнүккөн бардык мамлекеттерде 20-30 жыл мурун эле четке кагылган. Изилдөөлөрдүн тажрыйбасынан улам, Даун синдромундагы балдардын көпчүлүгүнүн интеллектилик коэфициенти орточо өнүккөн акыл-эс менен барабар экендигин көрүүгө болот.
1-миф. Даун синдрому – дарылай турган илдет

Даун синдрому  –  адам баласынын клеткаларында кошумча хромосомдун болушу менен аныкталган генетикалык абал. 47-ашыкча хромосом физиологиялык айрым өзгөчөлүктөрдүн пайда болушун шарттайт, анын негизинде бала жайыраак өсүп, өнүгүү этаптары жөнөкөй балдардыкына салыштырмалуу кечирээк болот. Даун синдромундагы адамдар оорулу болуп саналбайт: Даун синдромунан «жапа чекпейт», бул синдром менен «жараланган эмес», жана анын курмандыгы да эмес.

2-миф.  Даун синдромундагы адамдар окуу жөндөмүнө ээ боло албайт.

Бул мифтин пайда болуу себеби – атайын мекемелерде жүргүзүлгөн изилдөөлөр болуп саналат. Тилекке каршы, мындай мекемелердеги балдар ата-энесинен алыс болуп, алардын негизги стимулу болгон ата-эне мээриминен ажырап калгандыктан, натыйжалуу өнүгө албайт. Ошол эле маалда үй-бүлөдө жашап турган бала бир жашында өзү отуруп, эки жашында басып, эки жарым жашында  кашык менен тамак ичип, биринчи сөзүн айтып, төрт жашында мүнөзүн көрсөтө баштайт. Даун синдромундагы бала үй тиричилигинде жардамдашканга үйрөнүп, бала бакчага, андан соң мектепке барганга, чет тилинде сүйлөгөнгө, компьютерди өздөштүргөнгө жана спорт менен алектенгенге  даяр болот.

3-миф. Даун синдромундагы бала – ата-эненин асоциалдык жүрүм-турумунун натыйжасы!

Стастистика боюнча, жаңы төрөлгөн 700 наристенин бири Даун синдрому менен төрөлөт. Бул катыш түрдүү өлкөлөрдө, түрдүү аймактарда жана социалдык катмарларда  бирдей эле.  Ал ата-эненин жашоо образына, алардын ден соолугуна, жаман адаттарына, тамактануусуна, терисинин өңүнө жана улутуна көз каранды болбойт. Даун синдромундагы балдар менен кыздар бирдей эле жыштыкта төрөлүп, ата-энелеринин хромосомдору ченеми менен эле болот.

4-миф. Даун синдромундагы адамдар коомго коркунуч жаратат

Даун синдромундагы адамдарга жыныстык агрессия, адекватсыз жүрүм-турум, маанайынын тез-тез өзгөрүшү – боорукерликтен ачуулукка өтүшү – мүнөздүү деген көз караш бар. Бирок, мунун бардыгы жаңылыштык! Тескерисинче, Даун синдромундагы балдар боорукер жана меймандос келгендиктен чыныгы сүйүүнүн, мээримдин үлгүсүн көрсөтө алышат. Бирок, ар биринин, жөнөкөй адамдар сыяктуу эле,  өз мүнөзү жана маанайы болот, жана алар ошолордуку сыяктуу эле өзгөрүп да турат. Ушул убакка чейин Даун синдромундагы адамдын кылмыш жасагандыгын уга элекпиз.

5-миф. Мындай нерсе менин үй-бүлөмдө болбойт.

Даун синдромундагы балдар бардык эле үй-бүлөдө төрөлүшү мүмкүн, бул генетикалык кокустук.

7-миф. Даун синдромундагы балдар адистердин көзөмөлү алдында атайын мекмелерде болушу керек.

Атайын мекемелерде жайгашкан балдардын өсүшүндөгү өзгөчөлүктөрдү сүрөттөгөн атайын термин бар. Ал – госпитализм синдрому деп аталат. Бул – баланы энесинен ажыратуунун жана атайын мекемеде кармоонун негизинде анын психикалык жана жеке өсүүсүнүн бузулушу болуп саналат. Баланы атайын мекемеде кармоо анын өсүүсүндө терс таасирин тийгизип, интеллектуалдык, эмоционалдык жана физикалык жактан өсүүсүнө тоскоолдуктарды жаратат. Бул болсо  Даун синдромунун болгондугуна же болбогондугуна карабастан өөрчүй берет