Даун синдромундагы балдардын саламаттыгы жөнөкөй балдарга салыштырмалуу катаалырак болот. Албетте, биз жогоруда санап өткөн медициналык көйгөйлөрдүн бардыгы Даун синдромундагы ар бир балада боло бербейт. Ата-эне баласынын саламаттыгын көзөмөлгө алып турушу жана зарыл болсо учурунда чара көрүүсү үчүн жогорудагы белгилерди жакшы билиши керек.
Даун илдетиндеги наристе көпчүлүк учурларда мезгилинен бир-эки жума эрте төрөлөт. Алардын көпчүлүгү, жөнөкөй балдарга салыштырмалуу, жүрөгү тешик же тамак сиңирүү органдары кемчилик менен төрөлөт. Мындай учурда аларга тез аранын ичинде операция жасоо талап кылынат. Ошону менен бирге, угуу, көрүү жана калкан бездеринин функциялары төмөн болот.
Даун синдромундагы бала толук кандуу өсүп жетилиши үчүн, наристе кезинен тартып ден соолугунун жалпы абалын калыпка салып туруу жана өсүшүн жөнгө стимулдаштыруучу атайын чараларды камтыган жардам көрсөтүп туруу зарыл. Биздин өлкөдө мындай учурларда ата-энелер мындай жардам үчүн бейтапканалардагы адистерден жардам сурашат. Тилекке каршы, бейтапканалардагы бардык педиатрлар же башка дарыгерлер Даун синдромундагы балдардын өсүү өзгөчөлүгү менен тааныш эмес. Ошондуктан ата-энелер дарыгерди туура тандап алышы үчүн, баласына зарыл медициналык текшерүүлөрдү билүүсү пайдалуу.
Медициналык зарыл текшерүүлөр. Жогоруда белгилеп кеткендей, Даун илдетиндеги балдар жөнөкөй балдарга караганда көбүрөөк ооруйт. Ошондуктан, ата-энелер баласын өз учурунда текшерүүдөн өткөрүү, дарылоо үчүн педиатр жана башка медициналык адистер менен байланышта болуп турушу зарыл.
Жогоруда саналып өткөн медициналык текшерүүнүн көпчүлүгүнөн баардык эле балдар өтүшөт, бирок Даун синдромундагы балдар үчүн бул өтө зарыл процесс. Биз төмөндө сиздин балаңызды учурунда медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө жардам берүүчү таблицаны келтиребиз:
Текшерүү керек | Текшерүүнү жүргүзүүчү адис | Керектүү текшерүүлөр | Текшерүлүүчү баланын жашы |
Ичеги-карындын, дем алуу органдарынын жана теринин иштешин | Педиатр | Баланы текшерүү жана апасы менен сүйлөшүү | Төрөтканада жаңы төрөлгөн учурунда, андан кийин 3 жана 6 айында |
Кандын абалын | Педиатр | Канды клиникалык текшерүүдөн өткөрүү | 3, 6 жана 12 айында |
Заара түтүгүнүн абалын | Педиатр | Зааранын жалпы анализи, бөйрөктүн УЗИси | Алгачкы 3 айда |
Жүрөгүнүн абалы | Кардиолог | ЭКГ, ЭхоЭГ | 1 айында, анан медициналык көрсөтмө боюнча |
Калкан безинин иштеши | Эндокринолог | ТТГ, T3, T4 – кандын анализи | Төрөтканада тесттен өтүү, андан кийин жылына бир жолу өтүү |
Көзүн жана жаш агуу каналдарын текшерүү | Окулист | Рефрактометрия | 10-12 айында, 3 жашында, 6 жашында |
Неврологиялык консультация | Невролог | Нейросонография, психоневрологиялык текшерүү | 1, 3, 12 айларында, андан кийин 1 жылда бирден кем эмес жолу |
Ортопедиялык консультация | Ортопед | Текшерүү, рентгенден өткөрүү | 3, 6 жана 12 айында |
Угуусун текшерүү | Угуу органы боюнча физиолог | Аудиометрия, тимпанометрия | 6–9 айларында |
стоматологдун консультациясы | Стоматолог | Жылына 1 жолу | |
отоларингологдун кеңеши | Отоларинголог | текшерүүдөн өткөрүү | 3,6 жана 12 айларында |
Наристенин бир жашка чейинки мезгилинде төмөнкү дарыгерлер консультация бериши керек:
КАРДИОЛОГ- жүрөгүнүн иштешинде кемчилик бар же жогун аныктоо үчүн ЭКГ жана ЭхоКГдан өткөрүү;
ОТОЛОРИНГОЛОГ- наристени аудиограммадан өткөрүү керек (муну 3айына чейин, 8 жана 10 айында ишке ашыруу).
ЭНДОКРИНОЛОГ- калкан безинин иштешин аныктоо үчүн гармондорунун деңгээлин көрсөтүүчү кандын Т3,Т4, ТТГ атайын анализдери керек;
ОРТОПЕД- белиндеги жана жамбашындагы муундарынын дисплазияга дуушар болгондугун же болбогондугун аныктоо жана зарылдыкта аны оңдоо үчүн.
ОКУЛИСТ- көз чуңкурун текшерүү жана көрүү органынын туура иштешине ынануу үчүн, кемчилик болсо оңдоо чараларын колдонуучу.
Даун синдрому катардагы ооруларды дарылоого каршылоочу эместигин жана зарыл болгон дарылоо процедураларын жүргүзбөй коюуга негиз боло албасытыгын эсиңиздерден чыгарбаныздар!
Даун синдромундагы баланын өсүү процессине байкоо жүргүзүп жүргөн дарыгерлер үчүн бул маалымат өтө зарыл. Ошондуктан ата-энелер жашаган жериндеги медициналык кызматкер менен дайыма байланышта болуп, баланы текшерүүдөн өткөрүү графиги тууралуу макулдашып, баланын саламаттыгын чыңдоого бүткүл аракетин жумшоо керек.
Дары-дармектер боюнча маалыматтар:
РФнын дарыгерлери» аталышындагы жалпы Россиялык социалдык тармактагы маалыматтан: http://vrachirf.ru/concilium/16695.html?utm_source=inner&utm_medium=interest-title_block&utm_campaign=inner_effect
- Актовегин, Церебролизин, Солкосерил – натыйжасыздыгы далилденген дары-дармектер.
- Арбидол, Анаферон, Биопарокс, Виферон, Полиоксидоний, Циклоферон, Эрсефурил, Имуномакс, Ликопид, Изопринозин, Примадофилюс, Энгистол, Имудон – натыйжалуулугу далилденбеген иммуномодуляторлор. Кымбат баада. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр арбидолду суук тийгенди, анын ичинде сасык тумоону дарылоо үчүн натыйжасы далилденген дары катары кароого негиз болуп бербейт. Чет өлкөлүк изилдөөчүлөрдү бул дары такыр кызыктырган эмес.
Бифидобактерин, Бифиформ, Линекс, Хилак Форте, Примадофилус ж.б.- баардыгы пробиотиктер. Биздин педиатрлар койгон “дисбактериоз”диагнозу дүйнөнүн башка жеринде жок. Өнүккөн өлкөлөрдө пребиотиктерге дарыгерлер кооптонуу менен карайт.
Валидол. Медицинага анча тиешеси жок жалбыз жыттуу дары. Дем алууну тазартып жеңилдетет. Жүрөгү ооруган адам нитроглицериндин ордуна волидолду тил алдына салып коюп, инфаркт оорусу менен ооруканага кетет.
Винпоцетин менен Кaвинтон. Бүгүнүк күнү бул дарыларды пайдаланууга сунушташпайт: изилдөөлөрдүн бири да бул дарылардын пайдасын аныктаган эмес. Vinca minor өсүмдүгүнүн жалбырагынан алынуучу бул зат толук изилденип бүткөн эмес. АКШ жана башка өлкөлөрдө дарынын тутумуна эмес БАДдын тутумуна кирет. $15 банкасы бир ай ичкенге жетет. Натыйжасыздыгынан Японияда сатыктан алынып салынган.
- Ноотропил, Пирацетам, Фезам, Аминалон, Фенибут, Пантогам, Пикамилон, Инстенон, Милдронат, Циннаризин, Мексидол – плацебо-препараттар.
Вобензим. Бул дарыны өндүрүүчүлөр ал айыктырып, өмүрдү жана жаштыкты узартат деп келишет. Бул дары эксперименттик изилдөөлөрдөн өткөн эмес, баасы кымбат жана анын укмуштуудай таасирине ишенүүгө болбойт. Фармокомпаниялар дарынын натыйжалуулугун далилеп берерлигине көзү жетсе, аны изилдөөгө жүздөгөн миллион долларларын салышат. Ал эми вобензимдин бүгүнкү күнгө чейин эксперименттик изилдөөгө алынбашы – анын натыйжасыздыгынан кабар берип турат. Ошентсе да аны жарнамалаганга ири суммадагы акчаларды коротуп келишет.
- Глицин (аминокислота)Тенатен, Энерион, зверобой дарылары, Гриппол, Полиоксидоний- натыйжасы далилденбеген дарылардан.
ЭРЕСПАЛ – ОРВИ орусунда өзүнүн натыйжалуулугун далилдей албаган препарат. Сироп түрүндөгү эреспал бронха-асмасы жана аллергиясы барлар үчүн жарабайт. Анын тутумундагы боёктор жана бал даамын чыгаруучулар бронхоспазм оорусун пайда кылышы мүмкүн.
- Геделикс. Балдардын, улуулардын да ОРВИ оорусунда натыйжалуулугу далилденген эмес.
- Диоксидин ууландыруучу затынын көптүгүнөн балдарга пайдаланылбайт. Улуу адамдардын мурду жана мурун көңдөйлөрү ооруган учурларда дарыгерлер кооптонуу менен жазып берет. Ал эми кулак ооруда – кулактын тарсылдактары жарылган учурда да абайлап колдонууга берилет.
- Биопарокс, Кудесан ири изилдөөлөргө алынган эмес. Бул дарылар менен изилдөө чычкандарга гана жүргүзүлгөн.
Саламаттыгынын бузулушу
Даун синдромундагы балдардын чоңоюшундагы жана боюнун өсүшүндөгү айрым зарыл учурларга ата-энелердин көңүлүн бургубуз келет. Баланын ден соолугундагы айрым бир көйгөйлөр узак убакытка чейин байкалбай кала берип, анын өсүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ата-эне баланын мындай алсыздыгын убагында байкашы менен, адистерге эрте кайрылып, оорунун өөрчүшүнө бөгөт коюп, же көзөмөлгө алып тура алат.
Албетте, төмөндө саналып берилиүүчү белгилердин бардыгы Даун синдромундагы балдардын бардыгына эле мүнөздүү боло бербейт. Бирок, мындай көйгөйлөр жаралган учурларда ата-эне бардыгына даяр болушу керек.
Баш сөөгү жана жаагы
Синдром илдетиндеги балдардын бет сөөгүнүн ортоңку бөлүгү жөнөкөй балдардыкына караганда бир аз айырмаланып турат. Ошондуктан алардын бети бир аз толук көрүнөт. Жаак сөөгүнүн жогору жагы кичине болгондуктан ооз көңдөйү да кичине болот. Мурун көңдөйү да алсыз жайгашкан. Даун синдромундагы балдардын иммунитети төмөн болгондуктан, мурду көпчүлүк учурларда былжыр суюктукка толуп калып, оозун бир аз ачып дем алышат. Мындай дем алууда оозунун былжыр чели менен эрини кургап, респиратордук жаңы оорулардын пайда болуу коркунучуна дуушар кылат. Ошондуктан баланын мурун көңдөйү былжыр суюктуктан таза болушуна көзөмөл салып, баланын өзүн кичине кезинен эле туура дем алуусуна көнүктүрү зарыл.
Көрүүсү
Даун синдромунда көздү дарылоону жана коррекциялоону талап кылган офтальмологиялык бир топ дарттар кездешет. Жаш аккан түтүкчөсүнүн түзүлүш өзгөчөлүгү конъюктивитке жана жаштын агышына алып келет. Ал үчүн кеңилжерди укалап, конъюктивитти жергиликтүү антибиотиктер менен дарылап туруу керек.
Даун синдромундагы балдардын көпчүлүгүнүн көзү чалыр болот. Көз булчуңдарынын гипотониясынын натыйжасында, эки көзүнүн тең тегиз кыймылдашы үчүн мындай балдарга бир топ убакыт талап кылынат. Бала менен офтальмолог-адис же атайын педагог сунуштаган атайын көнүгүүлөрдү жасоо аркылуу анын көзүнүн кыймылын жөнгө салууга болот. Чалыр көрүүнүн сапатына терс таасирин тийгизе бербейт, ошентсе да бул тууралуу дарыгер менен кеңешип алуу туура болот.
Коомчулукта кенен жайылган көздүн алысты көрбөстүгү менен жакынды көрбөстүгү Даун синдромундагы балдарда да кездешет. Бирок, көздүн көрүүсүнүн мындай кемчилигин көз айнекти тагынуунун негизинде оңдоого болот.
Даун илдетиндеги айрым балдарда дагы башка көз оорулары кездешет, ошондуктан адис-дарыгерге үзгүлтүксүз текшерилип туру зарыл.
Угуусу
Даун синдромундагы балдарда көпчүлүк учурларда угуусу начар болот. Бул алардын кулактарынын жугуштуу ооруларга чалдыкканынан улам пайда болот. Айрым учурларда тубаса дүлөй да болушу мүмкүн. Мындай ар бир үчүнчү баланын угуу сезими анча төмөн болбогондуктан медициналык атайын чара колдонуунун зарылдыгы болбойт, бирок мынай көйгөйлөрдү көзөмөлгө алып туруу үчүн ал тууралуу ата-энеси билүүсү зарыл. Дарылоо зарыл болсо, анда аны сөзсүз түрдө жүргүзүү керек. Дарылоо жөнөкөй балдардыкындай эле шартта жана формада жүргүзүлөт.
Апноэнин обструктивдик синдрому
Даун синдромундагы балдардын кеңил көңдөйү, евстахиев түтүкчөсү, жана кулактын ички тешиги ичкерээк болот. Уктап жатканда булчуңдары бошоп, мурун көйдөйүнө кетүүчү жол тилинин түбү менен тосулуп калышы мүмкүн. Ошол учурда бала коңурук тартып, же үзүк-үзүк дем алып тез-тез ойгонуп турат, же башын артка чалкалатып укташы мүмкүн. Ал эми улуураак балдар отуруп да укташы мүмкүн. Уктап жатканда апноэ шалдыратып, күндүзү уйкусун келтирип, дене түзүлүшүнүн өсүү темпин төмөндөтүп, жүрүм-турумунун бузулушуна алып келет. Дем алуу органдарына таза абанын жетишсиздиги аны ооруга чалдыктырат. Апноэнин алдын алуу үчүн баланын керебетинин баш жагын 10 градуска көтөрүп, балынын өзүн кырынан жаткырып коюу зарыл. Айрым учурларда тамагындагы миндалин хирургиялык жол менен алынып салынат, же медициналык башка чаралар көрүлөт.
Териси
Даун синдромундагы баланын териси кургак болуп, түлөп турат. Анын негизинде териси катуу болот. Көпчүлүк учурларда экссудативдик диатез кармап, териси жарылып турат.
Кан айлануусун күчөтүү, тактап айтканда, баланын терисин жандантуу үчүн «эне укалоосун» колдонуу жакшы натыйжа берет. Мындай укалоо атайын адистин кеңеши боюнча жасалат. Ошону менен бирге баланы атайын май (вазелин, персик ж.б. майлары) менен майлоо аркылуу тез-тез киринтип, бир капталынан экинчи капталына которуп, силкилдетип кыймылга келтирип туру зарыл.
Тиштери
Даун синдромундагы баланын сүт тиштери көпкө түшпөй, узак кармалат. Тилинин булчуңдарынын гипотоникалык алсыздыгынан чайноо процесси бала үчүн оор болуп, тамактын калдыктарын тиштеринен арасынан тазалоо кыйынчылыктарды жаратат. Ошонун негизинде тиш бүөөлөрүнүн оорусу пайда болот. Бул синдромдогу балдар көпчүлүк учурларда тиштерин да кычыратат. Тишти кычыратуу гельминтоздун (курттун болушу) белгиси эмес.
Тиш ооруларынын алдын алуу үчүн баланын оозунун гигиенасына көңүл буруп, тиш дарыгерге барып туруу зарыл.
Тамактануу
Башка балдардай эле, Даун синдромундагы балдарга эмчек эмизүү абдан пайдалуу. Албетте, Даун синдромундагы балдардын жаак-сөөгү өзгөчө болгондуктан, эмчек эмизүүдө алгач бир аз кыйналуу болот, бирок, акырындык менен көнүп кетет.
Мындай бала канчалык талап кылса, ошончолук эмизе берүү керек. Табигый тамактандыруу наристеге жакшы тамак гана бербестен, иммунитетин бекемдеп, отиттин алдын алып, сүйлөө процессин жөнгө салуучу булчуңдарын өстүрөт. Андан сырткары эмизүү бала менен эненин ортосундагы эмоционалдык байланышты да бекемдейт.
Балага эмгенди үйрөтүү аракети сөзсүз түрдө оң натыйжасын берет. Саргарата жортсон, кызара бөртөсүң дегендей, кыйынчылыктардын бардыгын чыдамкайлык менен жеңүүгө болот.
Бала коюу тамакка өтүүдө да чыдамкайлык абдан керек. Даун синдромундагы балага коюу тамакты чайноого, кашык менен жегенге үйрөтүүдө атайын адис менен кеңешип алган оң. Баланын айрым тамак-аштарга, өзгөчө уй сүтүнө жана буудайга болгон алллергиялык реакцияларына өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Калкан бези
Даун синдромундагы айрым балдардын калкан бези иштеп чыккан гормондорунун балансы бузулгандыгын көрүүгө болот.
Төмөндөгү белгилерден улам, баланын калкан безинин иштеши бузулгандыгын байкалат:
бою өспөстөн, салмагынын өсүшү;
шалдыроо, кыймылынын алсыздыгы, таасир этүүсүнүн ылдамдыгынын төмөндөшү;
тамакка болгон табиттин начарлашы, ич катуу;
үндүн каргылдашы, чачтын жукаршы, теринин кургашы.
Гармондук дары-дармектерди ичүүнүн негизинде калкан безин дарылоого болот. Кандын тутумундагы гормондордун деңгээлин аныктоого диагностикадан (Т3, Т4 и ТТГ) учурунда өтүп туру керек. Калкан безинде кемчилик капыстан пайда болушу мүмкүн болгондуктан, мындай текшерүүлөрдү жылына бир жолу жүргүзүп туруу зарыл. Мындай кесел аныкталган болсо, эндокринологго текшертүү зарыл.
Тамак сиңирүү органдары
Даун синдромундагы балдардын көпчүлүгүнүн тамак сиңирүү органы кадимкидей эле иштейт, бирок айрым учурда көйгөй жаратып калышы да мүмкүн. Мисалы, кызыл өңгөчүндө же он эки эли ичегисинде тыгын пайда болуп калышы өтө коркунучтуу илдет болуп саналат. Мындай кемчиликтер наристенин жаңы төрөлгөн мезгилдеринде кездешет. Анын негизинде наристе кусуп, чоң заарасы бусулуп, алы кете баштайт. Мында операция жасоо зарылдыгы туулат.
Мындан сырткары Гиршпрунг оорусу да кездешет. Ичегидеги нерв клеткаларындагы кемчиликтеринин негизинде, анын бир бөлүгү иштебей калып, наристенин ичи көөп чыгат, бирок жел чыкпайт. Мындай учурда тез аралыкта операция жасатуу талап кылынат.
Ичеги карындын гипотониясы бизге белгилүү болгон ич катуунун натыйжасында пайда болот. Бала көбүрөөк кыймылга келе баштаганда булчуңдарынын тонусу жогорулап, мындай көйгөйлөр табигый жол менен эле чечилип калат.
Жүрөгү
Тилекке каршы, Даун синдромундагы балдардын 30-40%пайызынын жүрөгү оорулу болуп саналат.
Алардын айрымдары жөн гана коркунучсуз оору болсо, айрымдарынын жүрөгүндө өмүргө коркунуч жаратуучу тешик болуп, операцияны, айрым учурларда ыкчам операцияны талап кылат.
Баланын жүрөгү ооруганын анын терисинин боз же көгүш тартышынан, дем алуусунун оорлошунан, көздүн айланасынын шишип калышынан жана жүрөгүн тыңшаганда чыккан шуулдаган үндөн билүүгө болот. Бирок аталган белгилер так байкалбай калган учурлар да кездешет, андыктан Даун синдромундагы баланын алгачкы күнүнөн баштап эле кардиологдун көзөмөлүнөн, ЭКГ жана ЭхоКГ текшерүүсүнөн өкөрүп туруу зарыл. Жүрөгүнө операция жасоону талап кылбаган да оору байкалган болсо, баланы адистин пландык текшерүүсүнөн өткөрүп туруу керек.
Сөөк булчуңдарын кыймылдатуучу аппараты
Булчуң гипотониясы менен бириктирүүчү ткандардын алсыздыгы жамбаш бел суставындагы дисплазия, тизе чөйчөкчөсүнүн туруксуздугу, сколиоз, май тамандык сыякуу көйгөйлөргө кабылтат.
Ошондуктан Даун синдромундагы балагортопеддин текшерүүсүнөн өтүп турушу керек.
Мындай балдардын кыймылдары кеч өөрчүп, денесин бир калыпта башкаруу кыйынчылыктарга дуушар болот. Бала күн сайын кыймылга келип туруусу үчүн дайыма аракеттенип туруу зарыл. Мындай иш-чаралар тууралуу атайын адситин кеңеши талап кылынат.
Аракетке жооп берүүсүнүн ылдамдыгы
Даун синдромундагы баланын нерв системасынын түзүлүш өзгөчөлүгү нерв тамырлары аркылуу сигналдардын өтүшүн бир топ басаңдатып, балдардын маалыматты жана ар кандай сөздөрдү мээсинде кайра иштетип чыгышы үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынат. Ошол себептен, баланын өсүү темпи кечеңдеп калат. Бала маалыматты сиңирип, кайра иштетип чыгуусу үчүн сөзсүз түрдө пауза берилип, окутуу керектигин эстен чыгарбаш керек. Болбосо бала эч нерсе түшүнбөй жана ага эч кандай жооп кайтарбай тургандай сезиле берет. А чындыгында бала ага карата реакциясын берүү үчүн убакыт жетишпей жаткандыгы унутулбасын!
Жыныс мүчөлөрү
Даун синдромундагы балдардын жана кыздардын жыныс органдары кадимкидей эле болот. Эркек балдардын жыныс мүчөсү менен жумурткалары алгачкы эки жашына чейин кичирээек болот. Айрым учурларда жөнөкөй балдардыкынан айырмаланып, жумурткалары баштыкчаларына түшүп турбайт, андыктан тез аранын ичинде операция жасатуу зарылдыгы жаралат.
Жыныстык мүчөлөрүндө андан башка өзгөчөлүктөр болбойт. Даун синдромундагы жигиттердин муруту менен сакалы курдаштарына салыштырмалуу кечирээк өсө баштайт, ал эми кыздардын көкүрөгү кичине болот. Кыздардын айызы 12,5-13 жашында келе баштайт. Даун синдромундагы эркектер тукум берүүгө жөндөмдүү эмес. Ал эми аялдар баланы боюнда көтөрүп төрөй алат, бирок наристеси да Даун синдромунда төрөлүп калуу коркунучу бар.
Булагы: «Даун синдрому. Далилдер». Түзүүчү: Е.В. Поле. – толукталып, кайра иштелип 2-басылышы. – М.: «Ап Дауну» Кайрымдуулук фонду, 2012.
Даун синдромундагы балага логопеддик укалоо
Мындай балдар үчүн жаагын жана артикуляция органдарын укалоонун жөнөкөй жолун сүрөттөп беребиз. Ата-энелер үчүн тааныш болуп, укалоону жүргүзүү татаалдыктарды жаратпайт.
Бул көнүгүүлөрдү төмөнкү учурларда колдонсо болот:
- Бала алты-жети айында үн чыгарып, сүйлөп калбаса калбаса.
- Тыбыштарды айтууда баланын тили менен эрини өзүнө баш ийбегендей болуп, тыбыштарды кыйынчылык менен айта турган болсо;
- Бала тыбыштарды жеңил айтып, бирок алар так эмес болсо;
4.Бала тыбышты, муунду, сөздү айтууда тилин же эринин кандай жайгаштраарын билбей артикуляция жолун издесе.
Укалоо балага жагыш керек экендигин эстен чыгарбоо керек.
Укалоону балага жаккан көнүгүү менен баштап, ошол эле көнүгүү менен аякташ керек.
Көнүгүүнү акырындык менен көбөйтүп отуруу зарыл, бирок балага жакпагандарын жасоого тыюу салынат.
Көнүгүүнүн айрымдарын баланын өзү жасоого көнүктөрүү. Балким ал көнүгүүнү сизден же өзүнүн жумшак оюнчугунда жасап көнүгүп, анан өзүнө жасай башташы мүмкүн.
ЛОГОПЕДДИК УКАЛОО
Жаакты жана артикуляция органдарын укалоо
- Жаак булчуңдарын укалоо;
Жаак булчуңдарын укалоо үчүн сөөмөйдүн капталы менен жаагын сүрүп, сыйгалангандай (сакалды алып жаткан сыяктуу) кыймылдарды жасоо, жакты сылоо, алакан жана манжалардын учтары менен акырын чапкылоо. Мындай кыймылдарды сааттын жебесинин багыты боюнча да, ага карама-каршы да бирдей санда жасоо керек.
№1-көнүгүү. Жаак булчуңун жигердештирүү. Ар бир жаакты махер кездемеден тигилген мээлей менен айланта сүртүү керек. Кыймыл тегиз жана энергиялуу болсун. Мурун учунун эки капталынан башталып, чыкыйды карай өйдө, кайра чыкыйдан ылдый көздөй сүртүлсүн.
№2-көнүгүү. Баланын бетин жана эриндерин «Манжалар чуркады» деп, манжалар менен тез-тез кыймылдата чапкылоо.
№3-көнүгүү. Баланын жаагын алакандар менен чапкылоо. Укалоочу адамдын алаканы баланын ээгин жөлөп, манжалары баланын жаагын тез-тез, бирок катуу эмес чапкылоо.
№4-көнүгүү. Сөөмөй жана ортон менен баланын эринин «М-м-м-м…» деп айттырып, укалоо.
№5-көнүгүү. «Коңгуроо» оюну.
Ырдап айтуу керек:
– «Стенка, стенка» (мында жаактарын №3 көнүгүүдө көрсөтүлгөндөй, чапкылоо),
– «Потолок» (чекесине тийгизүү),
– «Две ступеньки» (сөөмөй жана ортон менен ээгин жана жогорку эринин чапкылоо),
– «И – звонок: «Дзыынь!» (сөөмөй менен баланын мурдунун учун басуу).
№6-көнүгүү. Сөөмөйдүн капталдары менен баланын чыкыйынан оозун карай сыйгалантып (сакал алган сыяктуу) келүү.
№7-көнүгүү. Сөөмөйдүн капталы менен баланын чыкыйынан оозун карай чапкылап келүү.
№8-көнүгүү. Баланын оозун жаап, алдыңкы жаагын кармап туруу. Экинчи кол менен ээк алдынан ылдый моюнун манжалар менен сылоо. Бул анын шилекейин жутууга үйрөтөт.
- Баланын ооз булчуңдары менен тилин укалоо.
(Укалоочу тиш щеткасын же манжаны бинт менен ороп, пайдалануу керек).
- Баланын оозунун тегерегин манжалардын учтары менен сааттын жебесинин багытына карай жана ага карама-каршы багытка карай чапкылоо.
- Ушул эле процессти шашпай, ар бир чапкылоодо токтоп аткаруу.
- Баланын жогорку эрининин булчуңун укалоо: сөөмөйдүн учу же жаздыкчасы менен баланын мурдунан жогорку эринине чейин чапкылоо.
- Сөөмөйдүн капталдары менен баланын булчуңдарын мурдунан жогорку эринине карай багытта сылоо аркылуу укалоо.
- Сөөмөй жана бармак менен ооздун бурчтарындагы чекиттерди серпилгич кыймыл менен бир нече жолу баскылоо. Андан соң ооздун бурчтарын «У-у-у» тыбышын айттырып, жыйрылтуу керек.
- Сөөмөйдү төмөнкү эриндин алдына коюп, жогорку эринге тийишкенче басып жылдыруу керек. Процесс учурунда «ба-ба-ба» деп айттыруу зарыл.
- «Чүчпара». баш бармак жана сөөмөй аркылуу баланын оозун чүчпара түйүп жаткандай жабыштыруу. Ошол учурда балага «М-м-м» деп айттыруу.
- Укалоочу атайын щетка же бинттелген сөөмөйдү баланын озуна салып, жаагынын ич жагынан булчуңдарын жогору көтөрүү менен оң жана сол тарабынан тең айланта укалоо.
- Сөөмөй менен щетканы кармап алып же бинттелген сөөмөй менен балынын оозуна колун салып, эки жаагынын тең ичинен булчуңдарын сүрткүлөө.
- «Да-да-да», «Та-та-та» муундарын айттыруу менен сөөмөй аркылуу баланын тилинин учун үстүңкү тишинин бүлөлөрүн карай көтөрүү.
Тилди атайын укалоочу же тиш щетка менен тилдин ортосу аркылуу тилдин учунан түбүнө чейин, кайра артка карай укалоо.
Укалоону жыйынтыктоо. Баланын оозун жаап, сөөмөй менен оозун жабык кармап туруп, жутууга көнүктүрүү. Бул көнүгүүнү улам барган сайын көбөйтүү керек.
Ийгилик Сиздерге! Жыйынтыгы тууралуу жазып туруңуздар