Балыкчыда кун балдарынын ата-энелерине жардам

Балыкчыда күн балдарынын, тактап айтканда даун синдрому менен төрөлгөн балдардын үй бүлөлөрүнө 10 кг дан эт берилип, жардам көрсөтүлгөнү жатат.

Кененирээк маалымат катары “Сантерра север” коомдук фондунун төрайымы Айжамал Токторалиева буларды айтып берди.
-Курман айтка карата даун синдрому бар, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, алардын үй бүлөлөрүнө бир уй жана он кой союлуп жатат. Башкы максат Курман айттын шарты катары курмандык чалып, абалга жараша куран окуу, балдарды колдоо болуп саналат. Жолдошум Тынар Абамуслимов экөөбүздүн кичүү балабыз дагы даун синдрому менен төрөлгөн. Башыбыздан өткөн кыйынчылыктардын негизинде үй бүлөбүз менен фонд түзүп, түптөгөнбүз. Ата-энелерге колдоо көрсөтүү, балдардын келечегине кам көрүү максатын койгонбуз. Фонддун ачылганына бир жарым жылдын жүзү болду. Пандемия учурунда үй бүлөлөргө азык-түлүк, балдарга керектүү нерселерден камсыз кылып жаттык. 15 балага ингаляция аппаратын таратып бердик. Ошондой эле проекттин негизинде вируска каршы дарыларды, витаминдерди алып келгени атабыз. Ал эми эт менен жардам 17 үй бүлөгө берилгени жатат. Кошумча медициналык кызматкерлерге дагы тамак-аш киргизебиз:heart: