Бала бакчадагы Даун синдромдуу бала (2 бөлүк)

Колдоо (көмөк көрсөтүү)

Алдыга жылдыруу (көмөк көрсөтүү) жалгыз эле айрым учурларда боло бербейт.  Топтун кылган бардык иш-чараларынында Даун синдромдуу баланы мүмкүн болушунча катышуусун, анын жөндөмүнө жараша аралаштыруу зарыл. Негизги көңүлдү айрым тармактарын алдыга жылдырууга гана эмес,  жалпы окутууга жана аны өнүктүрүүгө бөлүү керек.

Төмөндөгү бөлүмдөрдө мисалдар катары кээ бир өрнөктөр сүрөттөлөт. Трисомия 21 балдарында алар маанилүү ролду ойношот.

Сүйлөө жана тил

Даун синдромдуу балдардын көбүнчөсүндө сүйлөө ар кандай себептерге байланыштуу кечеңдейт. Бул бир тараптан мотордук көндүмдөргө байланыштуу болуп, ошол эле учурда когнитивдик жана социалдык шарттарга, баарлашууга керек болгон умтулуунун (мотивация) болгону дагы таасирин тийгизет.

Жаңсоо тили методунун жардамы менен колдоону, жакшы камсыздоо мүмкүнчүлүгү катары эсептесе болот. Бул жерде белгилер (жаңсоолор)  Даун синдромдуу кичинекей балдар үчүн дагы оң келген сүйлөө тилине кошумча катары колдонулат. Жаңсап сүйлөө бир тараптан балдардын бири-бирин жакшы түшүнүүлөрүн камсыз кылса, башка тараптан балдарга көбүрөөк аралашуусун кубаттайт. Кадимки эле бала эгерде башка чет тилди үйрөнгүсү келсе, жаңсоо тилинин коштоосундагы сабактар оң таасирин калтырган мисалдар көп. Бардык тарбиячыларды жана башка кадимки балдарды жаңсоо тилин колдоно билүүсү маанилүү, анткени Даун синдромдуу баланын кыйынчылыктарын жакшыраак түшүнө алышат.

 

Биздин кызыбыз Филиппа кадимки бала бакчага барганына эки жыл болду. Ал анча чоң эмес топтордо (16 балалык) өзүн абдан ыңгайлуу сезип жана жөндөмүнө жараша керектүү колдоо жардамдарды алып турат. Бала бакчанын эки тарбиячылары тең мээрим төгүү, жана кесипкөйлүк менен, индивидуалдуу бирге бир методунда сабактарды алып барып, кызыбыздын өнүгүүсүнө кам көрүшөт.  (Филиппанын ата-энеси)

 

  • Өзүнүн жеке жигердүү сүйлөмдөрүн колдонууга караганда, сүйлөө тилин түшүнүү жакшыраак. Башкача атканда бала өзү сүйлөгөнгө караганда укканын көбүрөөк түшүнөт.
  • Көңүл бургула: синдромдун спецификалык себептерине байланыштуу баланын когнитивдик жөндөмдөрү көбүнчө аябай тез жабылып калат.
  • Эгерде бала жооп кайтарбаса дагы, же кызыгуусу аз болсо деле баарлашуу процессинде калыңыз – бул учурда ал убакытты талап кыла турган кандай жооп кылууну ойлонуп жатышы мүмкүн.
  • Баланы түшүнүү кыйынга турганына карабай, анын баарлашуусун кубаттоо керек. Мисалы ага жалгыз эле жабык суроолорду бере бербегиле. «Тилекке каршы мен сени түшүнгөн жокмун»,- деген сөз, сүйлөөнү өлтүрүүчү болуп саналат.

 

Баарлашуу мотордук жөндөмдөрү, тилди өнүктүрүүдө маанилүү ролго ээ. Баланын оозу жабык болгонун кубаттагыла (мисалы,оюнчук берем деген «сырдуу» белги менен), ошону менен бирге эле тилин чыгарбай ооздун ичинде кармоосуна жардам бергиле. Баарлашуу мотордук жөндөмдөрүн  жакшыртуу үчүн ар кандай оюндар бардык балдарга жагат.

 

Чоң жана кичине мотордук жөндөмдөр

Даун синдромдуу балдарга отурууну, жөрмөлөөнү  жана басууну үйрөнүү үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынат. Бул этаптын өнүгүүсүн айрыкча алсыз булчуң тонустары дагы кечеңдетет. Физиотерапевтик колдоо дайыма баланы бул процесстерди окутуу үчүн жана арка омурткасынын түз болушуна жардам берет.

Бул тармакта колдоо бала үчүн анын чөйрөсүн үйрөнүүгө маанилүү – моторлордун чектүү мүмкүнчүлүктөрү таанып-билүү жана тил жөндөмүнүн өнүгүүсүнө таасирин тийгизет.

 

Эгерде бала баса элек болсо дагы, анын яслиге алынбоосуна эч кандай негиз бербейт (Германияда). Даун синдромдуу балдар алар муктаж болгон стимулду алууну улантуулары үчүн мүмкүн болушунча өздөрү менен теңдер менен жылуулары керек.

 

Сүрөт тартуу, чаптоо, кесүү, оюу сыяктуу сабактардын жардамы менен майда моторикалар демилгеленишет. Баланын бир колун колдоо катары колдонуусун кубаттагыла. Майда моторикалык  координациялык кызматтарды аткаруу үчүн, мектепке барганга чейин негизги колу жакшы өнүгүүсү зарыл. Бирок кайсы колу негизги экени билинбеген балдар дагы жок эмес. Сиз өзүңүздүн оюңузга жараша бир колун өнүктүрүүгө ашыкпаңыз. Эң жакшысы адистин байкоосунун натыйжасында берилген сунуштардын жана кеңештердин жардамы менен кайсы колу негизги кол экенин аныктаса  болот. Кийинчерээк ал негизги колдун колдонулушун бала менен акырындык менен өнүктүрүү зарыл.

Баланын бардык кыймылдарды жакшы аткара алуусуна көзүңүз жетсин, баланын буттары таянычта туруусу зарыл – майда кыймылдаткыч аракеттерди аткаруунун жалгыз ыкмасы.

 

Оскар бала бакчага 4 жашында бара баштады. Адистер командасы аны абдан жылуу кабыл алды жана максатка умтулган команда болуп чыкты. Оскарды кандай болсо ошондой кабыл алышты. Бул Оскардын мурунку бала бакчада таба албаган, позитив сезимдерди, өзүн эркин алып жүрүү сезимин тартуулады. Албетте, Оскар өзүнө мүнөздүү нерселерин калтырган жок. Команда болсо мээримдүүлүк менен алдыга умтулууну сактаганы, ырахат алууга гана жол берет. (Оскардын апасы)

 

 

Жүрүш-турушу

Башынан баштасак: Жүрүш-туруш бардык балдарда кездешет! Көрсөтүлгөн жүрүш-туруштар негизинен өнүгүү жашына жараша болуп, көп учурларда баланын чыныгы жашына  туура келбейт. Начар жүрүш-турушунун келип чыгышы, кадимки балдардыкына окшош эле болот (тил албоо, оюнчуктары менен бөлүшүү, коркуу …).

Даун синдромдуу балдарда, алардын теңтуштарына караганда көбүрөөк чектөөлөрү бар (жай, тил, моторикалык жөндөмдөр …). Күнүмдүк жашоосундагы кыла турган нерселердин көбүн аткарууда тез эле жадап кетишет. Аларга өздөрүнүн чөйрөсүндөгү алмашууларды түшүнүү жана эрежелерин үйрөнүү көбүрөөк убакытты талап кылат. Бул автоматтык түрдө  балдардын жүрүш-туруштарындагы көйгөйлөрдү жаратпаганы менен, бул алмашууга Даун синдромдуу балдарды аярлуу кылат. Керектүү, оптималдык визуалдаштырылган (сүрөттөрдүн колдоосунда) жардамдардын аркасынан алар эрежелерди жана милдеттерди үйрөнө алышат. Негизинен эле Даун синдромдуу балдар дагы башка балдар баш ийе турган эрежелерге баш ийип, жалпы кабыл алынган милдеттерди аткаруулары тийиш.

Белгилей кетчү нерсе, бардык эрежелерди бузуулар жүрүш-туруш көйгөйү катары бааланбайт. Балага жөн гана башка балдардай эле балалыгын жашоосуна мүмкүнчүлүк бергиле. Бардык балдар ар кандай жүрүм-турумга ээ эмеспи, алар ошолору менен биздин байлыгыбыз, келечегибиз, сүйүнүчүбүз жана кубанычыбыз да. Алар сыяктуу эле Трисомия 21 болгон балдар дагы урушчаак, кызыл кандуу, же коен сыяктуу коркогураак болушу мүмкүн.

Даун синдромдуу балдардын кээ бир көйгөйлөрүнө карабастан, алар барган бала бакчалардан жана мектептерден, алардын канчалык ар түрдүү сезимталдыкка байышкандарын, алардын бактылуулугун жана көбүнчө социалдык жактан өздөрүн жакшы алып жүрө алгандары жөнүндө маалыматтар түшүп турат.

 

Көнүмүш адаттан жана стратегиядан качкыла

Бир нерсени аткаруудан баш тартуу – бала үчүн кыйын же жакпаган абалга, же болбосо аны өтө мактоо менен мактабоого жооп кайтаруусу. Жалпыга көнүмүш болгон «Даун синдромдуу балдар көк бет», – деген сыяктуу бекитүүлөр түп тамырынан туура эмес жана жакшы натыйжа бербейт. Баш тартуу көп учурларда – өз алдынча кыймылдоонун (өзүн билдирүүнүн)  жалгыз ыкмасы болуп саналат. Бирок бул өзүн-өзү аныктоо анык эмес, анткени мындай натыйжага эки тарап тең ыраазы эмес.

Ар бир абалга кандай жооп кайтаруу болгонун аныктоого аракет кылыңыз (ишенимдин аздыгы, кыжаалат, көңүл калуу же жөн эле «каалабоо»). Баланы бул акыбалда калтырып койгон пайдалуу эмес. Балага кандай колдоо көрсөтөрүңүздү, аны алаксытууну ойлонуп көрүңүз. Керек болсо сиз ырааттуу программаны колдонсоңуз болот.

 

Качуу

Бул бала кыла турган таптаза кызыгуубу? Бул анын баш тартуусу жана өз буттарына турууга бир мүмкүнчүлүктүр? Негизи муну качуу эмес, «бир жака чуркоо» катары бааласа болот. Балдар көбүнчөсү алардын күтүлбөгөн жерден жок болуулары, чөйрөсүн толкундата турганын билишпейт. Балдар, алардын жөн жасаган нерселери канчалык коркунучтуу экенин, же башкалардын буга даяр экенин билбестен жасашат.

Эң башкысы, албетте баланы чектебей анын коопсуздугуна көңүл бурулуусу керек. Так эрежелерди талкуулап, визуалдык тоскоолдуктарды түзгүлө (токтоо белгиси, кызыл сызык…). Негизинен качуу тенденциясы баланын улам чоңойгонуна жараша азая баштайт.

Бир жактан балага аны бардыгы издеп атын чакырышкандары жагып, жакпаганын аныктаган оң. Балким балага көңүл буруу керектир, ал өзүнө көңүл бурулуусун каалап жаткандыр.

Сунуштар:

  • Бардык эрежелер так жана түшүнүктүүбү?
  • Чоңдордун бардыгы өздөрүн мүмкүн болушунча бирдей жана ыраттуу алып жүрүшөбү?
  • Баланын «кыла албайт» менен «кылгысы келбейт» ортосунда айырмачылыкты билүү зарыл.
  • Белгилүү жүрүш-турушуна кандай себептер алып келгенин ойлонуп карап көргүлө.
  • Терс жүрүш-туруштарына мүмкүн болушунча көрмөксөн болуп коюңуз, баланын башка жакшы натыйжаларына көңүл бургула, каалаган жүрүш- туруштарын мактагыла.

 

Бала бакчадан мектепке өтүү жолун  долборлоо

Каттоо (мектепке жазылуу)

Германиянын ар кандай федералдык жерлеринде баланы канча жаштан баштап мектепке жазуу эрежелери ар түрдүү кабыл алынган. Кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүктөрү дагы ар кандай.

Жалпысынан алганда Даун синдромдуу балдар, алардын тең жаштагы балдарына караганда бала бакчада бир  жылдай көбүрөөк калышат. Бул балдар аң сезим жана физикалык жактан белгилүү даражага жетүүлөрү керек. Мектепке 7 жаштан эмес, 8 же кээ бир учурларда андан дагы кеч барышы мүмкүн.

Бирок Трисомия 21 болгон кээ бир балдар тамгалай айтканда, мектепке баруу үчүн «каалоодон күйүп турушат». Алар биринчи тамгаларды таанышат, белгилүү мезгилде концентрация топтошуп, окуу материалдары менен иштеше алышат. Мындай балдар үчүн кечеңдетүү эч кандай мааниге ээ эмес, тескерисинче учурунда мектепке аларды киргизүү туура чечим болот.

Мектепке даярдык

Жакынкы убакытка чейин Даун синдромдуу балдардын мектепке барууга даярдыкка муктаж болбогондору тууралуу ойлор айтылып жүрчү. Алар атайын мектептерде жетиштүү убакыт өткөргөндөрү үчүн мектепке чейинки даярдыктын мазмуну менен тааныш болушат, же болбосо мектепке даярдык  материалынын мазмуну аларга жарабайт деген ойлор бар болчу. Көбүнчө балдар мектепке кирүүдөн мурун инклюзивдик бала бакчаларда болгондуктарынан, аларды мектепке даярдык программасына кошуу маанилүү.

Булардан тышкары (жардам катары) төмөнкүлөр мектепке кирүүгө керектүү болуп, мектептеги когнитивдик өнүгүүгө маанилүү негиз түзүшөт:

  • Майда моторика
  • Кунт коюу
  • Өз алдынчалык, жөнөкөйлөштүрүү
  • Фонологиялык көнүгүүлөр (мисалы аккорддорду угуу)
  • Окууга жана жазууга даярдоо
  • Негизги математикалык амалдарды үйрөтүү (мейкиндиктикти кабыл алуу (алдыда, аркада, оңдо, солдо ж.б.), өлчөмдөр, сандар, эсептер ж.б. )

 

Бала бакча менен мектептин кызматташуусу

Бала бакчадан кийин баланын кайсы мектепке бара турганы эртерээк чечилүүсү катышкан бардык тараптар үчүн пайдалуу болот. Бул маанилүү өтүүдө тарбиячылар, мугалимдер, ата-энелер, жада калса мектепке чейинки даярдык адистери менен тегерек отургуч уюштуруу жакшы жардам берет.

 

Бала бакча – моделдер жана концепциялар

Бала бакчаларда көп санда педагогикалык моделдердин жана концепциялардын мүмкүн түрлөрү бар. Мисал катары бул жерде артыкчылыктар жана кээ бир концепциялардын кемтиктери, ошондой эле ар кандай түрлөрү каралат.

 

Кадимки бала бакчада бирдиктүү интеграция

Абдан кичинекей Даун синдромдуу балдар көбүнчө яслиге барышат (Германияда балдар 1 жаштан кийин бара беришет. Баса элек балдар деле яслиге бара алышат). Туура шарттар болсо алар башка балдардан көп айырмаланбаган жардамдарды алышканын жасалган тажрыйбалар көрсөткөн. Синдромго байланыштуу чектөөлөр жокко эсе. Тиешелүү жашка толгондо балдар жашаган жерине жараша жакынкы бала бакчага барышат. Ата-энелер үчүн барынан мурда үйгө жакындыгы, кошуна балдар менен жакындыгы, же бир туугандары менен чогуу болгон учурлар абдан жакшы кабыл алынат.

Тилекке каршы эрте кийлигишүү мекемелеринин адистери бере турган атайын колдоо сабактарына болгон укуктар тууралуу жалпы улуттук бирдиктүү эрежелер жок. Укуктук нормалардын жоктугуна карабай, логопед (дефектолог) бала бакчага мезгил мезгили менен келип башка балдар менен чогуу Даун синдромдуу бала менен көнүгүүлөрдү аткаруусу сунушталат. Бала бакчанын персоналы менен кызматташуу маанилүү жана пайдалуу болгону баса белгиленет.  Кээ бир учурларда социалдык жардам боюнча жергиликтүү органдарга кайрылып, бала бакчанын күнүмдүк жашоосунда балага көмөк көрсөтүлүшүн интеграциялоодо жардам суралышы керек болот.

Эгерде балага физиотерапия, логопедия сыяктуу кошумча дарылоо методдору керек болсо,  ата-энелер негизинен буларды өздөрү кылышат. Кээ бир бала бакчалар объектке келе ала турган белгилүү терапевттер менен кызматташышат.

Жалпысынан алганда, бала бакча менен башка кесипкөй адистердин ортосундагы кызматташуусу жана өз ара аракеттешүүсү ар кандай эксперттердин тажрыйбаларын кошууга жакшы мүмкүнчүлүк берет.  Ошентип, кээ бир жардамчы жакшы колдоо аспекттери бир нече жолу бөлүнүп чыгып, бала менен бирге анын жакшы жашоосу үчүн ишке ашырылат.

Көп ата-энелер үчүн биринчи даражадагы маани катары алардын балдары башка кадимки балдар менен тең укуктуу болуусу айтылат. Эгерде балага күнүмдүк абалдарда атайын колдоо сунуш кылынбаса дагы, көбүнчө ата-энелер үчүн алардын балдарынын кадимки балдардын тобуна аралашып, чогуу кылган аракеттерден жана жашаган тажрыйбалардан пайда алуусу зор мааниге ээ.

 

Интегративдик/инклюзивдик бала бакчалар

Интегративдик институттар жалпы бала бакчадагы окутуу жана биргелешкен жашоодогу оң тараптар менен атайын бала бакчалар үчүн өзгөчө колдоолорду көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн айкалыштыргысы келет. Германиянын ар кайсы федеративдик жерлерге жараша бала бакчадагы  топтордун ичиндеги балдардын саны, аны ичинде майып балдардын саны ар кандай. Негизинен эле топтордогу баланын санынын көп болбоосу жакшы натыйжа берет.

Атайын бала бакчаларда өзгөчө жабдыктын шарттарынан колдонуу үчүн кээде комплекстүү объекттер орнотулат. Инклюзивдик бала бакчалардагы орнотулган жабдыктар жалгыз гана өзгөчө балдардын өнүгүүсүн камсыз кылбастан, кадимки балдардын дагы мындан пайда табуусуна жакшы мүмкүнчүлүк берет. Буга байланыштуу майып жана майып эмес балдарды окутуу менен биргеликте жашоо концепциясына багытталган  атайын педагогикалык концепциялар иштелип чыгарылган. Муну менен ар бир бала жеке түрдө керектүү деңгээлде алардын жөндөмдөрүнө жана керектөөлөрүнө жараша түзүлгөн долбоорлордо катышуусу мүмкүн болот. Натыйжада балдар бири -биринен үйрөнүшөт, чогуу окушат жана социалдык жоопкерчиликке көнүшөт.

 

Атайын окутуу/ Атайын окутуу бала бакчалары

Атайын бала бакчалардын аз сандагы балдар гана эмес, жакшы кадрдык камсыздоо жана инфраструктурасы сыяктуу кээ бир артыкчылыктарына карабастан, көп ата-энелер ал жакка баруудагы узак жолду, кадимки балдар менен болгон аралашуунун жоктугун жана эрте медициналык  басымды негизги тема катары көрүшөт.

Бирок колдоого аябай муктаж болгон балдардын ата-энелери башынан, же көп убакытка атайын бала бакчаларды  тандашат. Германиянын кээ бир федералдык жерлеринде айырмалаган институттар жана топтук сунуштар аз санда же жокко эсе.

 

Ачык концепциялар – эскертмелер

«Ачык бала бакча»,- деп аталган бала бакчаларда (балдар жашына жараша бөлүнбөйт, бардыгы бир топтун ичине жүрүшөт) жабык топтор жок, бирок бардык балдар ичинде кыймылдап, кызыгууларына жараша аралашып  жана көз карандысыз каалаганын алып, каалаган топтордо ойногонго жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Көбүнчө Даун синдромдуу балдар өздөрүн контролдоодо, бир нерсени баштоодо жана оңдоп түзөөдө кыйынчылыкка туш келишет. Бала бакчанын ачык концепциясында Даун синдромду баланы ынта коюп кароо керек. Ал чынында эле жигердүүбү жана башынан буга кызыктарбы? Баланы күн бою коштоп жүрө турган бирөө жарым барбы?

Инклюзия ошондой эле «ачык бала бакчаларда» ийгилик жарата алат. Ошентсе дагы ар дайым балдарга керек болгон күнүмдүк түзүлүштү жана ишенимдүү колдоону камсыздоо үчүн абайлулуукту сактоо зарыл.

 

Бавария Евангелисттик яслисинин адиси Ивонне-Хоффман  айымга брошюраны баалап бергени үчүн ыраазычылык билдиребиз.

 

Das Kind mit Down-Syndrom im Kindergarten

2017-жыл 8-басылма

www.ds-infocenter.de