Сүрөттөө:
Бала бакчага же мектепке баруу учурунда, спорттук секцияларга же көркөм студияларга барышканда деле, балдар негизги убактысын үй шартында өткөрүшөт. Окутуу учурунда алынган билимдерди, колдонууга керектелүүсүнө жардамдашкан жана пайдалуу боло турган нерселер менен баланы алектендирген маанилүү. Макаланын автору баса белгилегендей: тиричилик аймагына туура жакындоо – бул бала менен чоң адамдын таасирдүү кызматташуусунун ишенимдүү талаасы болуп саналат. Ошондой эле коммуникативдик көндүмдөрдүн, айрыкча сүйлөөнүн эң мыкты базасы.
Окугандар макалалардан үй-бүлөлөрдү консултациялаган көп жылдык тажрыйбаларга таянган практикалык сунуштарды таба алышат. Чарба боюнча көмөктөшүү жөнүндө суранууларды баланын кантип аны аткаруусун камсыз кылууну билишет. Ата-энелер эгерде бала «болбойт» сөзүн түшүнбөсө, тил албаса, өзүн кандай алып жүрүү керек экендигин түшүнбөсө, күн бою баланы кантип алектендирүү керек экенин үйрөнүшөт.
Булак:
«Сделай шаг» Журналы № 2 (56), октябрь 2017
Автору:
Музюкин Илья Борисович, «Даунсайд Ап» кайрымдуулук фонду
Чыгарылган күнү:
2017-жылдын 30 октябры
Укуктук ээлик:
«Даунсайд Ап» Кайрымдуулук фонду
Көбүнчө авторлор, ишмердүүлүктү – баланын таанып билүү өнүгүүсүнүн фундаменти катары бааланганын жазышкан. Бирок пайдалуу сабактардын мисалдары көбүнчө мектепке чейинки балдар менен кантип туура өз ара аркеттенүүсүн, бул сабактарга баланын кызыктар болуусу үчүн уюштуруудан бөлөк каралат. Практикада ата-энелер баланы кантип макул кыларда жана кызыктырууну арттырууда, ага кантип тиги же бул ишмердүүлүктүн маанисин жана керектигин түшүндүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болушат. Ошондуктан чоң адамдардын эң көп жайылган комментарийи катары: «Ал мен менен эч нерсеге кызыкпайт!», – дегенин эсептесе болот.
Жакшы уюштурулган үйдөн тышкаркы сабактарга ата-энелер кичине тынчтанышса болот, анткени адистер баланы өнүктүрүүдө ата-энелерден кичине болсо дагы жоопкерчиликти алышат. Иштин бардыгы ошо кичине жоопкерчиликте жатат. Ошентсе дагы бала көпчүлүк убактысын үй шарттарында өткөрөт. Аны окутуу учурунда алынган кандайдыр бир пайдалуу нерселер менен алектендирүү керек.
Ишмердүүлүк үч негизги алкакта калыптанат – окуу, оюн жана тиричилик алкактарында көрүнөт. Эгерде окуу алкагы адистер тарабынан жакшы «уюштурулган» болсо, анда оюн жана тиричилик алкактары жакын туугандарынын жоопкерчилик аймактарында болот.
Чоңойгондо оюн алкагындагы бала менен чоң кишинин ортосундагы өз ара аркеттенүүсү кыйыныраак экенин белгилесе болот. Ата-энелерге ойногонго караганда окуткан жеңилирээк болгондуктан, көбүнчө оюндар дагы окутуудай көрүнөт: «Мындай кыл же тигиндей» деп балага кеңеш беришет. Ал оюн шаблондорун өздөштүрүп, аларды практикада колдонууга үйрөнүшөт. Сапаттуу, максаттуу оюнду көрө албасак дагы, өзүнчө өздөштүрүлгөн шаблондорду балдар кыла алышат.
Тиричилик алкагына келсек. Аны күнүмдүк рутиндер түзөт. Үйдү тазалоо, тамак даярдоо жана башка режимдик учурлар. Туура жакындоодо бул бала менен чоң кишинин таасирдүү кызматташуусу үчүн ишенимдүү талаа болуп бере алат. Ошондой эле коммуникативдик көндүмдөрдү, айрыкча баарлашууну өнүктүрүүдө эң мыкты база. Бул алкак ата-энелер менен баланын кызыкчылыктарынын кесилиши болгону, ошондуктан чоң кишилерди эч кандай кыйнабай турганы туптуура айтылган. Ата-энелер дайыма: «Суранган нерселерди аны кылууга кантип мажбур кылам?», «”болбойт” сөзүн түшүнбөсө эмне кылам?», «Ал тил албаса эмне кылам?», «күн бою аны эмне менен алектендирем?», «Эгер ал каалабаса же баш тартса, кантип аны жасатам?», – деген суроолорду беришет.
Ошол эле учурда үй шарттары боюнча тосмо суроо болгон: «Балаңыз үйдө жардам береби?» суроосу ата-энелерде кымындай дагы ойлонууну пайда кылбайт. Дээрлик бардыгы ишеним менен анын кызы же уулу колдорунан келишинче жана зарылчылыкка жараша жардам беришерин бир ооздон айтып келишет. Аны менен бирге кошумчалап: «Эгер кааласа» же «Жалгыз гана анын өзүнө жакса», – деп айтышат. Бул кошумча үшкүрүнүү күнүмдүк тиричиликте ата-эне, бала менен дайыма эле жакшы боло албагандарын, алар менен коюлган талаптарды аткаруу оңойго турбаган тыянакка алып келет. Демек, тиричилик алкагы жүз пайыз пайдалуу көндүмдөргө окутууга жана коммуникативдик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө колдонулат деген туура эместир.
Кайсы тиричилик иштери баланын өзүнө көбүрөөк жагат? Бул жерде алдыңкы орунда тазалоо, анын ичинде чаң соргуч менен тазалоо турат. Кийин тизмеде: тамактан кийин столду сүртүү, шыпыруу, таштандыны чакага салуу, кир жуучу машинаны иштетүү жана ага кийимдерди салуу ж.б. айтса болот. Булар балдар катышкан негизги үй жумуштары. Идиштерди жуу дагы кичинекей жардамчыларды кызыктыруусу мүмкүн, бирок мындай учурда чоң кишинин дыкат көзөмөлү талап кылынат. Чоң киши баланын жанында туруп, аны колдоосу керек, анын идиштерди жууганда ишенимин арттырышы зарыл. Көбүнчө баладан кийин идиштерди кайра жууган көп жакпагандыктан бир жолу бала менен жакшылап жууп койгон жакшы.
Ошентип балдарга сенсордук чөйрө менен, биринчиден суу менен өз ара аркеттенген тиричилик тапшырмалары жагаарын, ошондой эле азыраак күч сарптала турган жумуштар жагаарын көрдүк.
Башкы көйгөй катары, мындай тапшырманы бала көбүнчө жасагандан качып, процессти имитациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыздаганын, жыйноо боюнча коюлган максатка жетилбей калганын, башкача айтканда, натыйжалуу максатка умтулбоону айтсак болот.
Дээрлик бардык ата-энелер, үй шарттарындагы кызматташтыктын мисалдарын келтиргенде, баланы тиричилик иштерине атайын тартуу керек экенин эстеринен чыгарып коюшкан. Тескерисинче, негизинен чоң кишилер чаң соргучту алып чыгып иштеткенде, анын дабышына бала чуркап келип, үйдө тазалык иштери башталганын билчү. Кийин абалдар бардык үй-бүлөлөрдө бирдей сценарий менен өнүкчү: баланын чырылдаганынан ата-энелер ага чаң соргуч менен тазалап жаткандай ойноосуна анын каалоосу кеткенге чейин уруксат биришет. Кийинкисинде ата-энелер баланын көңүлүн бура алыштыбы – же бура алган жокпу, айтор баланын чаң соргуч менен ойноосу калды! Бала толкундануу менен чуркап келип, кайрадан катышчу, анткени бул оюнчук ага тааныш болуп калбадыбы!!!
Ошого окшоп эле башка үй жумуштары дагы жүргүзүлөт: столдун үстүн сүртүү, шыпыруу, кир жуу. Ал предметтер (чаң соргуч, майлык, щетка, жада калса кир жуучу машина) аркылуу өздөштүргөнү менен так тапшырманы албайт. Ошондуктан ал бул тиричилик жумуштарын оюн катары кабыл алып, аларды кылып жаткандай болушат дагы, чынында эле күч жумшап, жасаган жумушунун натыйжалуу деңгээлин баалоо менен аткарышпайт. Чоң кишилер тарабынан талаптар же чектөөлөр болбосо, балдар каалаганындай колдонушуп, кир жуучу машинаны кир салбай иштетип коюшат, чаң соргуч менен керекпи, керек эмеспи ойноп, же башка керексиз баш аламан нерселерди кылып коюшат.
Тилекке каршы, психологдорго тиричилик жумуштарынын ушунчалык отуруп калганынан, негизги оюн стереотиби катары бааланган учурлар белгилүү. Консультация учурунда балдардын бет аарчы же ошого окшогон чүпөрөктү алып алышып чаң сүртүү процессин имитация кылгандары көрүлгөн. Столдон терезеге, терезеден шкафка, шкафтан кайра столго карай чаң сүртүмүш болуп ойношкон. Ошол эле учурда балдар көп күч сарпташпаган. Ата-энелер кайгыруу менен үйдө дагы ушундай стореотипдик кыймылдардын болгонун такташкан. Ар бир күч талап кылынчу жумушка бала үстүртөн мамиле кылганга көнүп калгандыктан, балага тааныш болгон, күнүмдүк иштерден тиги же бул суранычты аткарууда ал түшүнбөстүк же каалабагандык жашашы мүмкүн.
Кызматташтыктын алгачкы жөндөмдөрү балага жакын туугандары тарабынан табигый үй шарттарында берилүүсү керек. Күнүмдүк тиричилик эң ыңгайлуу болуп саналат, анткени бул кичинекей адамга кызыктуу, керек, тааныш, ар дайым болуучу нерселер. Албетте, үй шарттарындагы жана мектепке чейинки мекемелердеги окутуу сабактары кызматташуу жөндөмдөрүн жана тапшырмалар максатка жетүү үчүн аткарыларын колдойт. Бирок бул жөндөмдөрдү үй шарттарында колдонуу практикасы керек болот. Мындан тышкары, балада үйрөнүүгө болгон оң мотивация калыптанып баштаганга чейин, анда үй-бүлө ичинде катуу кызматташтык кызыгуусу пайда болуусу зарыл, ошондой эле башында тиричилик максаттарына жетүүгө күчтөрүн сарптаганга сабырдуулук пайда болуусу керек. Так ушундай тартипте жүргүзүлөт.
Күнүмдүк тиричилик рутиндеринде мектепке чейинки балдар менен ата-энелер кантип ийгиликтүү өз ара аркеттенүүнү уюштура алышат?
- Эң башкысы, баланын көңүлүн тиги же бул тиричилик тапшырмаларына атайын буруу керек жана аны бул абалга багыттоо керек, башкача айтканда, чакырып алып ал түшүнгөн формада, үйдө эмне кыла турганыңызды түшүндүрүңүз. Жообунда сиздин сунушуңуздун алкагында баланын өзү билген жигердүүлүгүн гана эмес, ага кайрылуудагы көңүл буруусун күтсө болот. Жаңы сапаттуу баарлашуунун деңгээлине өтүүдө, бала дабышка жооп кайтаруусун токтотот (биздин мисалда – иштетилген чаң соргуч) же автоматтык түрдө чоң кишинин кыймыл-аракеттерин көчүрөт (чүпөрөк менен столдун чаңын сүрткөндөй). Ал үчүн чынында эле баарлашып кайрылуу маанилүү болуп калат.
- Биргелешкен жумушту түзүүдө, кичинекей катышуучуга белгилүү бир роль берилиши керек. Баладан чаң соргучту чыгаруусун, жок дегенде каякта экенин көрсөтүүсүн, кир жуучу машинанын эшигин ачып, ага кир кийимдерди салуусун, майлыкты чаң сүртүүдөн мурун суулап анан сыгуусун сураныңыз. Пайдалуу кыймыл-аракеттер балага жеңил берилбөөсү керек. Ошондуктан мектепке чейинки баладан күч талап кылынган, ошол эле учурда анын татаалдыгынан баланы чочутпаган адекваттуу тапшырмалардын берилүүсү зарыл.
.
- Ар бир жумушта пландуулук маанилүү, башкача айтканда такталган этаптары болуусу: белгилүү бир башталышы, аягына чыгара турган ырааттуу манипуляция жана жыйынтык чыгаруу үчүн талкуулоо менен соңу. Даун синдромдуу баланын кабыл алуусу фрагменттик болгонун эске алып, ага өзүнчө көз караштарды (фрагменттерди) бир сүрөт катары бириктирүүсүнө жардам бериңиз. Ошондуктан ар бир тапшырмаңызды баланын көңүлүн буруу менен бөлүңүз; жумуштун көлөмүн тапшырып жана контролдоо менен процессти колдоңуз; натыйжаларды жыйынтыктарды чогуу карап чыгып баалоосуна жардам бериңиз, башкача айтканда, жумушта болгон предметтерди жана жыйналган үстүнкүлөрдү карап жана сезип чыгыңыз.
- Эгерде бала жумуштун так чийилген фронтун жана көрүнүктүүлүгүн ала алса, аны менен бала оңой эле иш жүргүзө алат. Тапшырган жумуштун чектерин аныктап коюңуз: Столдун үстү күкүмдөрдөн толук тазаланышы керек; чаң соргуч менен конкреттүү бир жер же бөлмө тазаланышы керек; кир жуучу машинага чылапчындагы кир кийимдер салынат, кийимсиз машина иштетилбейт. Күн сайын мындай көнүгүүлөрдүн натыйжасында бала чоңойгон сайын ар бир жумушту удаалаштык менен кылганды үйрөнө баштайт. Бул анын үстүртөн кылганына жана ишмердүүлүктү имитациялоодо кылган аракеттеринен арылтып, натыйжалуу ишмердүүлүккө үйрөтөт.
- Баланы ар бир этапта коштоодо, сизде инициативаны алдырбастан нюансттары талкуулоо мүмкүнчүлүгү болгону жакшы. Ага сиз менен контактта калып, процесстеги жигердүү көңүл буруусун сактап калуусуна жардам бериңиз. Эгер бала жумушка кызыгуусун жоготкон болсо, тапшырмаларыңыз аны чарчата баштаганын билдириши мүмкүн. Ага эс алуусуна өбөлгө түзүү үчүн сиз өзүңүз дагы кошулуңуз. Мындай тапапис алгандан кийин кийинки этапта ал дагы жигердүүрөөк болушу толук ыктымал.
Тиричилик алкагы, шартсыз түрдө, мектепке чейинки баланын кабыл алуусунда табигый нерсе, ошондой эле дайыма кайталануучу кызыктуу процесс. Баланы конкреттүү иштерге биргелешкен катышуусуна алдын ала чакыруу, тууроо өнүгүсүнө жакшы таасири тийет, ал эми үй шарттарын түшүнүктүү кылып коет. Тиричилик алкагында кийинки дидактикалык окутууга керек болгон базалык жөндөмдөр калыптанат. Жалгыз гана калыптанып калбастан, күн бою чоңдор уюштурган процессте бекемдөөчү жөндөм болот. Мындан тышкары, жыйноо, тамак даярдоо жана үйдүн жайлуулугун балдар менен чогуу кылган жөн гана жагымдуу жана кызыктуу эмеспи!
Макала Фонд Сорос-Кыргызстандын колдоосу менен даярдалды.
