ЭРТЕ ЖАШ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮНҮН КҮНДӨЛҮГҮ

Эрте жаш курактагы баланын күндөлүгү  төрөлгөндөн үч жашка чейинки типтүү өнүгүп жаткан балдардын орто көрсөткүчтөрүнө негизделген көндүмдөрдүн калыптанышынын таблицасын өзүнө камтыйт. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды текшерген учурда “узартылган эрте жаш курак” түшүнүгү киргизилет жана  таблица төрт, төрт жарым жаш курактагы балдарды текшерүүдө колдонулат.  Бул таблицалардын негизине көндүмдөрдү калыптандырууда тепкичтик же этаптык принцип  камтылган, бул баланын өнүгүүсүнүн мыйзамдарына толугу менен дал келет. Бир баскычты/этапты  түзгөн көндүмдөрдүн бардыгы байланышкан. Өнүгүнүн бир баскычында калыптанган көндүмдөрдүн бири-бири менен байланышын учетко алуу бизге баланын  шайкештикте өнүгүүсүнө жетишүүгө мүмкүндүк берет. Эрте жаш куракта баланын өнүгүүсүнүн Күндөлүгүн колдонуу  аркылуу  ата-энелер менен адистер баланы текшере алышат, анын өнүгүүсүнүн программасын түзө алышат, андан ары өнүгүүсү үчүн зарыл болгон шарттарды түзө алышат жана ошондой эле, бөбөктүн өнүгүүсүнүн динамикасын аныктоо үчүн, программаны корректировкалоо жана тактоо үчүн тестирлөөнү кайталап өткөрө алышат.