Сүрөттөө:
Даун синдромдуу балдардагы ойлоо – адистердин жана ата-энелердин көңүлдөрүн талап кылган процесс .Балдар үчүн оюндар жана жөнөкөй көнүгүүлөр ар бир адам үчүн маанилүү болгон бул тармакты өнүктүрүүгө жардам берет.
Булак:
“Сделай шаг” Журналы, № 2 (14)
Автору:
Жиянова Полина Львовна, «Даунсайд Ап» Кайрымдуулук фонду
Басылган күнү:
2001-жылдын 1-октябры
Укуктуук ээлик:
«Даунсайд Ап» Кайрымдуулук фондуна таандык
Сиздин оюңузча, кимисинде ойлонуу процесси интенсивдүү агып өтөт, чоңдордобу же балдардабы?
Балаңызды байкап көрүңүзчү, бирок жөн гана карап койбостон, ал айланасында жараткан башаламандыкка көңүл бурбастан караңыз. Баланы анын дүйнөгө болгон көз карашы менен караңыз – болуп жаткандардын маанисин түшүнүүгө аракет кылып караңыз. Ошондо гана сиз, жаныңызда бир адам баласы болгонун, биринен сала экинчисин ачып жатканын, болуп жаткандардын себептерин, окуялардын удаалаштыгын жана бири бирине байланышын түшүнгүсү келгенин байкайсыз. Бул адам аракет жасайт, тажрыйбалайт, ката кылат анан кайра аракет кылат. Бул чарчабаган изилдөөчүү – сиздин балаңыз.
Кичинекей адамдын дүйнөнү таанусуна жана ыны изилдөөсүнө кандай жардам берсе болот?
Бул суроонун жообу, ойлоо өнүгүүсүнүн этаптарын билүүдө жатат. Демек биз ылайыктуу абалдарды жаратуу менен, аябай эрте жашында эле ойлонуу процессинин өнүгүүсүн демилгелей алабыз.
Ойлонуунун өнүгүүсүнүн биринчи этабында, акыл эс өнүгүүсүнүндө башкы ролду баланын сезүүсү жана кабыл алуусу ойнойт. Бул этап көрүп-аракетке өтүү же конкреттүү сезүү этабы деген атка конгон.
- Кичинекей балдардын оюнчуктар менен кылган кыймыл аракеттери, ызы-чуу жана предметтердин аталыштарынан эч кандай тиешеси болбошу мүмкүн. Аларды көп жолу кайталап, бала кээде ага жыргал тартуулай турган натыйжага жетише алат (мисалы, ал шырылдакты урганда чыккан үндү уккан жагаттыр).
- Акырындык менен баланын кыймыл аракеттери максаттуу түрдө багыттала баштайт. Эми ал астына бир максат коет (мисалы, оюнчукту үн чыгаруусу үчүн уруу) жана муну кандай кылууну дагы билет. Алдында илинип турган оюнчук, ал жете тургандай болуп илинүүсү зарыл.
Бул этапта баланы дагы бир ачылыш күтүп турат. Ал адамдар менен предметтер көзгө көрүнбөсө деле, бар болууларын уланта берерин түшүндү. Жашынмактын ар түрдүү оюндары муну түшүндүрө алышат, бир кыймыл аракетти бир нече жолу кайталоо, аларды мурунтан билип, кийинки кыймылдын эмне болорун сезүүсүнө жардам берет.
Бала барган сайын кызыгуусу арткан изилдөөчү болуп барат. Боткону колу менен алып, столдун үстүнө сүртөт, полго кашыкты ыргытат, же жаткан жеринен оюнчуктарды ыргытат.
Бала үчүн предметтердин кандай ыргыгандары маанилүү, кайсынысы кандай үн чыгарары жана көптөгөн башка нерселер. Буларга чоңдор жаңы жана интрига кылуучу нерселерге көптөн бери көңүл бурбай калышкан.Бала тааныш эмес предметтер менен өз ара аракеттешүүдө жаңы ыкмаларды издейт: абалдын өзгөрүүсүнө жараша ал максатка жетүү ыкмаларын кайрадан кура алат. Бул чыныгы ойлонуу иш-чараларынын башталышы. Практикалык тапшырмаларды чечүү үчүн ал аракеттенүү жана ката кетирүү ыкмасын колдонот. Бул этапта балага ката кетирүү мүмкүнчүлүгүн берүү өтө маанилүү. Бардык нерсени үйрөткөнгө аракет кылбаңыз, өз алдынча тыянак чыгаруусуна мүмкүнчүлүк бериңиз.
Ойлонуу процессин жакшыртуу удаалаштыгын «Почта ящиги» же «Сегендин тактасы» тапшырмаларында, форманы үчүн оюлган нерселерди тандоо керек болгондо көрсөтсө болот.
1 – деңгээл – «күч методун» колдонуу – фигура оюлганга кирбегендиги үчүн, бала болгон күчү менен аны киргизгенге аракет кылуусу. Аны башка оюлганга салып көрүүсүн сунуштаңыз, эгер ага чак келсе сиз бала менен кошо сүйүнүңүз
2-деңгээл – «ийгиликтүү тешик методу» – фигуралардын кайсынысы, кайсы тешикке дал келерин бала эстеп калган. Эми ал фигураны жалгыз гана ошол тешикке түшүрөт. Бул оюлган тешиктердин ар кандай болуусун түшүнгөн абдан маанилүү тыянак. Балага фигуранын дагы маанисин түшүндүрүңүз. Эки фигураны улам алмаштырып, ар бирине өзүнүн оюлган тешиги бар экенин түшүндүрү зарыл.
3-деңгээл – «Аракет кылуу жана ката кетирүү методу» – бала фигураны алып ал дал келген тешикке чейин келмейинче бардык оюлган тешиктерге салып чыгат. Анын бул сынамаларын сыйлоо керек. «Бул жакка сал! Балким бул тешик чыгар? – эми бул тешикке салып көр» – деп айтып турган жакшы.
4-деңгээл – бул этапта бала жалгыз гана чыныгы предметтер менен кыймыл аракетти кылбастан, аларды элестетип кылышат: бул ойлонуу операциялары аракет кылуу жана ката кетирүү методуна кайрылбай эле, практикалык тапшырмаларды аткарууга өбөлгө түзөт. Бала фигураны анан оюлган тешикти карап, оозеки түрдө дал келип келбей турганына баа берет, анан тапшырманы аткарат. Бул этап конкреттүү-сезимталдыктан (көрүнүктүү-кыймылдуу) образдык ойлонууга өтүүдөгү биринчи кадам болуп саналат. Бул узак мөөнөттүү процесс, балдар кыйынчылыкты сезишсе, кайрадан аракеттенүү жана ката кетирүү методуна барышат. Алар үчүн издөө элементи зарыл, аларсыз эч кандай болбойт.
Кызыктуусу, формалдык-логикалык ойлонуусу өнүккөн чоң адамдар деле кээде аракеттенүү жана ката кетирүү методу аркылуу коюлган тапшырмаларды аткаруусу байкалган. Демек, жогорураак ойлонуу формасы калыптанган күндө дагы, жөнөкөйлөрү жок болуп кетпестен арткы планда, ойлонуу иш-чараларынын жогорку уюшкандыгынын негизи бойдон сакталып калышат.
Мунун бардыгы баланын өнүгүүсү үчүн көрүнүктүү кыймыл аракет кылуу мезгилинин маанисин айтып турушат. Биздин мисалга кайтсак: Баланы каратып туруп, көрсөтө фигураны анын оюлган тешигине салуусун үйрөтсө болот. Мындай метод менен бала тез эле тапшырманы аткарганды үйрөнөт, бирок ойлонгонду үйрөнө албайт!
Бир нече абалдарды жаратып мисал келтирели. Мунун менен силер баланын аракеттенүүсүнө, салыштыруусуна, тыянак чыгаруусуна жана аларды чыныгы жашоосунда колдонуусуна жардам бере аласыз.
- Баланы кызыктырган оюнчук, китеп же башка предмет жогоруда столдо жатат, аны алуу үчүн отургучка чыгуу зарыл.
- Бала чыкканды үйрөнгөн отургуч болсо жанында эмес башка жерде турат, аны алып келүү керек.
- Отургучтун үстүндө коробка турат, ал отургучка чыгууда тоскоолдук жаратып жатат. Аны алып салуу зарыл.
- Оюнчукту столдон же керебеттин астынан алуу үчүн күрөктү, таякты колдонсо болот.
- Эгерде бала максатка жетүү үчүн шаймандарды колдонгонду үйрөнгөн болсо, ага тандоосун сунуш кылыңыз. Балким күрөк ал үчүн чоң чыгаар, же таяк ыңгайлуудур.
Буларды жана буларга окшогон абалдарды атайын тапшырмаларга бөлүүнүн кажети жок. Алар күнүмдүк оюндун табигый бир бөлүгү болуулары керек.
Эгерде бала тапшырманы кандай аткарууну өзү биле албаган болсо, аткаруу ыкмаларын сиз ага жардамдашып, көрсөтүп же сөз менен түшүндүрүп берген болсоңузчу?
Бала сиздин жардамыңыз менен тапшырманы аткарган соң, мындай абалдарды көп жолу жаратыңыз. Сиздин балаңыз канчалык ишенимдүү аткарган сайын тапшырманы кичине оорлоштура бериңиз. Бул учурда аябай оор тапшырмага бала жөн гана баш тартуу менен жооп кайтарып коерун эсиңизден чыгарбаңыз.
Сизден башка эч ким, сиз жана балаңыз үчүн көп жагымдуу учурларды алып келе турган кызыктуу жана көңүлдүү нерселерди ойлоно албайт.
Сизге ийгилик!
