Баардык жерде тепкичтер бар

Бүтүрүүчүлөр кечесинде Атайын-Педагог Мугалими Фрау Янзен-Марух тарабынан окуучусу  Якобко арналган сөзүнөн  үзүндү. .Leben mit Down-Syndrom (Nr.64, Mai 2010)

https://www.ds-infocenter.de/downloads/lmds_64_mai2010.pdf

 

Баардык жерде тепкичтер бар

Тепкичтерден коркуудан тепкич дипломуна

 

…Якоб алгачкы мектепке бара баштаганда, ал үчүн эң  кыйыны, анын тепкичтерден болгон коркуусу болгон. Мектептин тегерегиндеги бир канча майда үйлөрдө аз баскычтуу болсо дагы тепкичтер бар. Ошону менен бирге эле ашканага, сахнага, китепканага, компьютердик класска,  иш-классына да тепкич аркылуу гана жетүү мүмкүн болот. Андан тышкары баарыбыз ар кандай экскурсияга чыгабыз. Бардык жерлерде тепкичтер бар. Ошентип, тепкичтен чыгып түшүүнү үйрөнгө туура келди.

Биз көнүгүүнү баштадык. Биринчи оң кол менен тепкичтин таянычына таяна, сол кол менен мугалимдин колун кармап, кийинки жолу таянычка таянбастан, мугалимдин гана бир колун кармап, калтырбай экинчи этаж дагы багындырылды.

Андан кийин эки колду   бош коё, көнүгө баштадык, мектептен тышкары да бир тепкич калтырбадык! Якоб тогузунчу класска келгенде ичи толгон жуулучу кийимдер болгон себеттерди тепкичтен өйдө, ылдый ташый алган болду, тепкичтин ар бир баскычын бир буттап баса алат, биз аны менен абдан сыймыктандык!

Онунчу класста Якобдун чоң энесиникине мугалими конокко келип, тилекке каршы Якоб тепкичтерден болгон коркуусун мектеп ичинде гана жеңе алганын көрөт. Мугалими буга абдан кабатыр болот. Эки жумадан кийин, жекшемби күнү Якоб мугалимине телефон чалат. Ал чоң атасына  тепкичтерди колдоно билендигин қөрсөткөндүгүн айтып берет. Кандай сонун кабар! Эми бүтүрүүчүлөргө арналган атактуу  өзгөчө көп тепкичтери болгон Италияга карай сапарга эч нерсе тоскоол боло албайт. Италияга чейинки жол узак. Бирок жанында жакшы көргөн оюнчук пили болгондуктан, баары жайында. Отелге жетээри менен кире бериштеги төрт баскычтуу килем төшөлгөн тепкич көрүндү. Ал тепкич менен экинчи кабаттагы уктоо бөлмөлөргө,  астынкы кабаттагы тамактануу бөлмөсүнө баруу жолу жаткан. Демек, күндө бир канча жолу өйдө-ылдый тепкич менен басууга туура келет. Баштапкы күндөрү кыйын болгону менен, сапардын акыркы күнүнө чейин жеңилдеп калат.

Экинчи күнү бир өзгөчө сыноо-кыйынчылык турду. Сегиз кабаттуу бир мунарага чыгуу керек эле. Мунаранын тепкичтеринини бир тарабы да ачык. Классташтары Клара менен Ёнас мунаранын башына чыгууга Якобко жардам беришти. Алардын алдында уят болуп калгысы келген жок.  Мунаранын үстүндө тепкичтер коркунучу астыдагы Гарда көлүнө биротоло ыргытылды. Ал коркуу кайра сүзүп чыкпастыр деп үмүттөнөбүз. Эртеси күнү Венецияда ал коркунуч көрүнбөдү. Бул шаар эки эсе көп тепкичтүү жана суу өтүүчү каналдарга бай эмеспи. Анын эртеси да Веронадагы Аренанын бийик тепкичтерин багындырууда баягы коркунуч көрүнбөдү. Ал тепкичтерди төрт аяктап гана басып өтүү мүмкүн эле, ага кошулуп күн күркүрөп аба ырайы бузулду, караңгы да тушту. Ал эч нерсе эмес Роберт жардам берет, ошентсе дагы анын астында да уятка калуу жарабайт!

Ошол себептен ушул онунчу классты бүтүрүүчүлөр кечесинде Якобго Италиянын   бүгүндөн тартып Германиянын эң мыкты   тепкичтерди багындыруучусу катары  “Тепкичтерди колдонуу” диплому ыйгарылат.

Материал “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдосу менен даярдалган.