Балдардын өнүгүүсүндө оюндардын мааниси

Сүрөттөө: 

Оюндар балдардын өнүгүүсү үчүн керектүү, ошондой эле Даун синдромдуу балдарды оюн көндүмдөрүнө үйрөтүү көптөгөн педагогикалык маанилүү тапшырмаларды аткарууга көмөктөшөт.

Булак

 “Сделай шаг”, № 2 (6) Журналы

Автору

 «Даунсайд Ап» Кайрымдуулук фонду

Басылган күнү

1998-жылдын 1 майы

Укуктук ээлик

«Даунсайд Ап» Кайрымдуулук фондуна таандык

Оюн, баланын мектеп жашына чейинки айланасындагы дүйнө менен өз ара аракеттенүүсүнүн, таанышуусунун негизги жана маанилүү ыкмасы болуп саналат. Оюн аркылуу бала жаңы жөндөмдөрдү тааныйт жана өздөштүрөт. Айрыкча өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү болгон, тиги же бул тармакта өнүгүүсү жай балдар үчүн аларды оюнга аралаштыруу абдан маанилүү.

Балдардын оюнун өнүктүрүүдө ата-энелер эң жакшы абалда жайгашышкан. Бирок ата-энелер баланын бул маанилүү иш-чара аспектисине жетиштүү көңүл бурушпайт. Ошондой эле алар өздөрүн ишенимсиз сезген учурлар дагы кездешет. Өздөрүнүн балдарынын муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн так эмес баалагандыктарына байланыштуу кээде ийгиликсиз болушуп, өздөрүнүн баланы оюн аркылуу өнүктүрүү ыкмаларын азайтып алышат.  Бул учурда оюн –көптөгөн жөндөмдөрдү жана көндүмдөрдү өздөштүрүүнүн мыкты каражаты.

Балдар оюну өзүнөн өзү эле балдар тарабынан башталат, ал өзү качан жана эмне оюн ойной турганын чечет. Жумуштан же сабактардан айырмаланып, оюн  бул аягындагы натыйжа же кандайдыр бир сыйлык үчүн эмес, оюндун өзү үчүн жүргүзүлөт. Оюндун жүрүүсү анын өзүнүн утушу болуп эсептелет.  Оюнда бала көбүнчө чектөөлөрдөн эркин, ал ийгиликсиз болуу риски болбогондуктан ар кандай тажрыйбаларды жүргүзө алат. Анткени ал өзүнүн эрежелерин өзү жаратат.  Бала үчүн оюндун өзү кызык болуп, анын пайдалуулугу анча көңүлгө алынбайт.  Бирок, бул эски жөндөмдөрүн кайталоодо да, жаңы жөндөмдөрдү өздөштүрүүдө дагы өтө маанилүү.

Мышыктын баласы топ менен ойноодо, кыймылдаган объектке тезинен жооп кайтарууну үйрөнөт. Бул жөндөм ал үчүн кийинчерээк тамак табуусу үчүн чоң роль ойношу мүмкүн. Ошого окшош эле бала топту дубалга ыргытып, кайра тосуп ойноо учурунда өзүнүн көрүү жана моторикалык-кыймыл реакцияларын өнүктүрөт. Бул ага кийинчерээк, мисалы кийинүү же тамактанууну үйрөнүүдө керек болот.

Бала ойноп жаткан акыбалда төрөлбөйт. Бул жөндөм биринчиден апасынын жардамы менен акырындап өнүгөт. Ата-эне мээрими жана алар камсыздаган коопсуздук балага өзүнүн оюнчуктарын изилдөө мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары, ата-энелер гана –  балага кандай ойноо керектиги тууралуу алгачкы идеяларды бере алышат.

Оюн бардык балдардын дени сак өнүгүүсүндө маанилүү. Бирок айрыкча – өзгөчөлүктөрү менен же өнүгүүсүндө кыйынчылыктар болгон балдар үчүн өтө маанилүү. Негизинен балдар өздөрү менен өздөрү ойной башташат, бул  өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү болгон  балдар үчүн ар дайым туура болбошу мүмкүн. Кээде мындай балдарга көп убакыт бою жатуу же кыймылсыз отуруу жагат (бул аларга ыңгайлуудай сезилет). Башкалары болсо бир нерсе менен ойноону үйрөнүү үчүн  жетиштүү убакыт бөлбөстөн, танаписсиз кыймылда болушат.

Мындай балдардын ата-энелерине, балдар оюнуна жөндөмдөштүрүүгө, балдар оюнуна тартуу үчүн алардын болгон өнөрү жана таланттары керек болот.  Оюндарда кийинки окутуунун негизи жаткандыктан, ата-энелер мындай нерселерди кылуусу зор мааниге ээ. Бул бала жигердүүрөөк болуп, азыраак пассивдүү болгонунан, өзү үчүн эмне кылгысы келгенин аныктай баштаары мүмкүн.  Оюн анын кызыкчылыгын кеңейтет жана башкача айтканда анын акыл-эсин өстүрөт.

Оюн иш-чарасынын стимулдаштыруунун жалпы принциптери

Туура деңгээлди тандоо. Ылайыктуу оюнчуктарды тандоо. Баланы абдан жөнөкөй дагы, татаал дагы оюн кызыгын түшүрүп коюшу мүмкүн. Балага байкоо жүргүзүү анын бүгүнкү деңгээлин түшүнүп жана баалоодо сизге жардам берет. Керек болгон учурда сиздин балаңыз менен иштеген адис педагог менен баарлашып тиешелүү сунуштарын ала аласыз. Ал сизге сөзсүз түрдө балаңызга азыр кандай оюндар ылайык келерин айтып берет.

 

Кичине кадамдар. Сиз акырындык менен татаалдаштырып, сиздин балаңыздын оюн өнүктүрүүсүндө жардам бере аласыз, бирок сизден чоң сабырдуулук жана кунт коюу талап кылынат. Өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү болгон бала астыны көздөй кичинекей кадамдар менен жылат. Сизге бирдей окшош көрүнгөн оюнчуктар, көп учурда сиздин балаңыз үчүн татаалдык деңгээлдерди айырмалоого мүмкүн экенин  эсиңизден чыгарбаңыз.

Кайрадан жасоо.  Кийинки деңгээлге өтүүдөн мурда, сиздин балаңыз өздөштүргөн оюнун кайра-кайра ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу зарыл. Канчалык оюнда ийгиликтүү болгон сайын, бала ошончолук ырахат алат.

Сиз балаңыздын оюнун туураңыз. Сиздин балаңыздын оюнун стимулдаштыруунун мыкты ыкмасы – бул анын деңгээлине түшүп, анын оюнчуктары менен өзүңүздүн ойнооңуз болуп саналат. Сиз канчалык бош жана бейпил болгонуңуз ошончолук жакшы. Эгерде бала сиздин ойногонуңузду жана оюндан ырахат алганыңызды көрсө, көп өтпөй сиз менен чогуу ойногусу келет.

Өзүңүздүн кооптонуңуз менен жана балага жардам берүү ынтызарлыгыңыз менен оюнду бузбаңыз. Аны ойноого мажбурлай албаганыңыз эсиңизде болсун. Ал каалаганы үчүн муну кылуусу керек. Ошентсе дагы сиз максаттуу багыттагы оюнду стимулдаштыра аласыз. Балага анын оюнунан ырахат алганыңызды көрсөтүңүз. Ал сиз менен ойногонду жакшы көрүүсүнө, сүйүнүүсүнө жетишиңиз. Кийинчерээк акырындык менен жаңы идеяларды кошуп, оюндун деңгээлин жогорулата аласыз.

Атайын оюнчуктар. Кээ бир оюнчуктарды атайын максаттар үчүн катып коюу жакшы идея болуп саналат. Балага качан бардык көңүлүңүздү бөлө ала турган убакытты жана абалды тандаңыз. Бул балага кандайдыр бир жаңы оюнду үйрөтүүнү кааласаңыз абдан маанилүү. Баланын бул «атайын оюнчук» менен эркелөөсүнө жол бербеңиз. Эгерде ал эркелей турган болсо, оюнчукту алып коюңуз. Сиздин балаңыз бул оюнчук менен туура ойноону үйрөнө алганда гана,  аны жалпы оюнчуктарга аралаштырып башка жаңы «атайын оюнчукту» киргизүүгө болот.

Кыска убакыттар менен. Белгилүү бир убакыт бою баланын бир оюнга концентрациясын күтпөй эле коюңуз. Эгерде сиз жаңы бир оюн киргизе турган болсоңуз, бир ойногондо бир нече минутадан көп эмес ойноңуз жана аны сиздин балаңыз тажаган убакытта токтотуңуз. Мындай абалда ал кийинки сабакты кызыгуу менен күтөт.

Ал бир нерселер менен ойногусу келбейт. Кээ бир балдар бир эле оюнчук менен же оюн менен алаксып ойноп башка оюнга жана оюнчуктарга которула алышпайт. Буга көп деле кам санабаңыз, бирок акырындык менен кичинеден алмашууларды киргизип көрүңүз.

Сиздин балаңыз – талкалоочу. Бул анын жетишинче чоңойбогонун билдирет. Ага сындыра албай турган оюнчуктарды калтырыңыз, ал оюнчуктарды сындырып, талкалап ойногону үчүн аны урушпаңыз. Мүмкүн болушунча анын мындай кылыктарың көрмөксөн болуп койгон жакшы. Кээ бир «атайын» оюнчуктар менен өзүңүз менен ойноону сыйлык катары ойноосуна уруксат кылыңыз. Анын эрежеге жараша ойногонун катуу ызы-чуулуу мактоо жасаңыз. Эгерде ал бул оюнчуктарды талкалай баштаса, аны урушпастан, тезинен акырын алып коюңуз дагы аны менен бир нече минута ойнобой коюңуз (жаза катары эмес). Баланын кызматташууга даяр болгонуна ынанган соң, кайрадан ал оюнчукту алып келиңиз.

Өз алдынча оюн. Сиз балаңыз менен ар дайым ойнойм деп ойлобоңуз. Сиз баланын акырындык менен көбүрөөк өзүн-өзү алаксыта алганга жөндөмдүү болгонун байкайсыз. Бул ошол максатка жетүүгө татыктуу кыймыл-аракеттер.

 

Оюн-изилдөө

Оюндардын мындай түрү бала үчүн төмөнкү 4 себептен улам өтө маанилүү

  1. Изилдөө баланын жаңы ачылыштарды жасашына жол ачат. Эгерде сиз ымыркай менен чоң адамды салыштыра турган болсоңуз, ымыркайдын канчалык көп нерсени үйрөнүшү керек экенин баамдайсыз. Ал астыда өзүн, айлана-чөйрөсүн, кантип бул дүйнө менен өз ара аркеттенүү керек экенин билүүсү керек болот. Бирок ал кечке асманды тиктеп керебетте жата берсе, көп нерсени үйрөнө албайт. Изилдөө аркылуу айланасын байкап, дүйнө канчалык ар түрдүү экенин, ар кандай түс, өлчөм ж.б.у.с. бар экенин биле алат. Бала канчалык дүйнөсүн изилдей алса, ошончолук  көп ачылыштарды өзүнө кылат. Изилдөө бала жашаган дүйнө жөнүндө көп нерсени үйрөнүүгө жардам берет.
  2. Изилдөө баланын кызыгуусун арттырат. Изилдөө жалгыз гана жаңы нерселер менен таанышуу ыкмасы эмес. Дүнүйөсүндө ар түрдүү предметтерди байкаган соң, алардын ар түрдүүлүгүнө таң калат. Эмне үчүн оюнчук аюу жерге ыргытылганда топко окшоп топулдабайт? Ошону менен изилдөө балага жаңы дүнүйөнү таанытуу менен бирге эле, ага көп нерсени үйрөнүүсүнө шык берет. Бул абдан маанилүү, анткени бала көп нерсени үйрөнгүсү келген үчүн үйрөнөт.
  3. Изилдөө баланын жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет. Дүйнөнү изилдеп жатып, бала жалгыз гана өзүнүн кызыккандыгын кандырбастан, ал үйрөнгөн жөндөмдөрүнүн көбүн машыктырат. Бала улуу эжекесинин оюнчуктар салынган кутусунун курамын изилдеп жатып, ал анын ичиндегилерин эле таппайт. Ал жөрмөлөө, өйдө туруу, бир нерсеге таянып кайсы бир предметке жетүү, мүмкүн ичиндегилерди ыргытуу жөндөмдөрүн машыктырат. Изилдөө балада жөндөмдөрүн машыктырууну шыктандырат жана аларды жаңы келип чыккан абалдарда колдонууга өбөлгө түзөт.
  4. Изилдөө баланы жаңы көндүмдөрдү үйрөнүүсүн шыктандырат. Дүйнөнү улам-улам изилдей берип, бала мурун кыла албаган жаңы техника ыкмаларды өзүндө өнүктүрөт. Дивандын үстүндө эмне бар экенин билүү үчүн ага тырмышып чыгуу, ичинде үн чыккан кутуларды ача алуу, мурун бул жөндөмдөрдү кыла алчу эмес, алгачкы кыймыл-аракеттерди бала ортого келип чыккан абалдардын процессин изилдөө аркылуу жасайт.

Оюн-изилдөө жана өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү болгон балдар

Балдардын көбү – чарчабаган изилдөөчүлөр. Жаратылыштан келген алардын кызыгуусу аларды жаңы жерлерге жана абалдарга алып келет, башка эмнелер алардын кызыгуусун жана аларды текшерип көрүүсүн арттырат эле. Бирок бул өнүгүү өзгөчөлүктөрү болгон балдар үчүн ар дайым мындай болбошу мүмкүн. Кээ бирлери басуу чектөөсү менен жашайт, кээлери бешигинде же керебетинде тынч жатканды жактырышаттыр. Алар көп көңүл бурууну талап кылбагандыктан, алар тууралуу биз көп машакат алып келбеген «ыйлабаган» бала деп ойлоп, көбүнчө жайына коебуз. Бул – биздин алар үчүн жасаган эң туура эмес мамилебиз, анткени биз аларга минтип айланасындагы дүйнөнү изилдөө мүмкүнчүлүгүн бербейбиз. Натыйжада, биз алардын жаңы ыкмаларды жана жөндөмдөрдү үйрөнүп өнүктүрүүсүнө болгон мүмкүнчүлүктү азайтып коебуз.

Балким биз өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү болгон балдарга бере турган эң чоң жардамыбыз – бул ал жашаган дүйнө, башка адамдар жана өзү жөнүндө көп нерселерди үйрөнүүсүнө, каалоосуна жардам берүү.  Муну биз аны оюн-изилдөөнү стимулдаштыруу аркылуу кыла алабыз.

Кыймылдуу оюндар

Бул жөрмөлөө, секирүү, топ менен ойноо сыяктуу көп энергия талап кылган оюндар. Мындай оюндардын негизги маңызы, оюн учурунда баланын денесинин бардык бөлүктөрү иштегенинде. Чоң адамдар катары биз муну денебизге болгон көнүгүүлөр катары билебиз, чынында эле ошондой. Баланын кыймылдуу оюнга катышуусу – абдан толкундандыруучу болушу мүмкүн. Биздин оюубузча сиз ошондой эле кылып жаткандырсыңар, эгер кыла элек болсоңуздар, анда жакында кыласыңар!

Бирок кыймылдуу оюндар бала ыргытып же кармап ойноону баштай электен алда канча мурун башталат. Балдар төрөлгөндөн баштап эле жигердүүлүгүн көрсөтө башташат. Биз аларды кыймылдуу оюндардын ар түрдүүсү катары карайбыз. Алар колдору менен шилтешет, буттарын асманга көтөрүп тыбырчылашат, бүрүшүп жана томолонушат, биздин оюубузча булар балдарга чоң сүйүнүч тартуулайт. Чындыгында, кыймылдуу оюндар, балким баланын өздөштүрө турган алгачкы оюн иш-чарасыдыр. Бул кийин дагы улантыла турган, чоңойгон кезинде дагы коштой турган нерселер, биз жөн гана «спорт» атаган оюндур! Баланын бардык өнүгүүсүндө кыймылдуу оюндардын маанисин айтуу керекпи?

 

Кыймылдуу оюндарга үйрөтүү/көнүктүрүү керектигинин үч негизги себептери бар – айрыкча өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү болгон балдар үчүн

  1. Кыймылдуу оюндар баланын айланасындагы дүйнөнү изилдөөсүндө жигердүү болуусуна өбөлгө түзөт. Өз алдынча жыла албаган бала, ага изилдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылган башка адамдарга көз каранды. Бирок бала качан жыла алган убакка жеткенде, жөрмөлөгөндө, томолонгондо, же басканда ал ошол замат эле көз карандысыз боло баштайт. Ал өз алдынча нерселерди таба алат, өзүнүн айланасын өз алдынча эле тааный баштайт, аны изилдей баштайт. Баланын жөрмөлөө, басуу жөндөмдөрү кыймылдуу оюндар жана оюн-изилдөөлөр үчүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Кыймылдуу оюндар баланын жылууга болгон жөндөмдөрүн өнүктүрүүдө өтө маанилүү экени ортого чыкты. Бул анын айланасындагы дүйнөнү дагы да жигердүү изилдөөсүнө мүмкүнчүлүк берет.
  2. Кыймылдуу оюндар балага өзүнүн денесин контролдоодо жакшы жардам берет. Бала өзүнүн денесин башкарууну үйрөнүшү керек болгонун чоңдордун түшүнүүсү кыйынга турушу мүмкүн, башкача айтканда балдар колдору, буттары жана тамандары менен кыймылдоосун аларды кылгысы келген кыймылга жараша үйрөнүшөт. Топту буту менен кыймылдаткысы келген баланы карап көрүңүзчү. Ал эмнени кылгысы келгени маалым, бирок ал буттарын менен туура кыймылды жасай албай жатат. Ал бир бутуна тура албай кулап дагы кетиши мүмкүн! Бирок акырындык менен, практика кылуу менен контролдоону үйрөнөт, практика болсо – кыймылдуу оюндар. Буларды сиз кылдырбасаңыз, анда ага денесин контролдоо алда канча кыйынга турат.
  3. Кыймылдуу оюндар баланын денесиндеги ар кайсы бөлүктөрүн координациялоого жардам берет. Бул бир өйдөкү пунктка байланыштуу. Дененин ар кайсы бөлүктөрүнүн чогуу иштөөсү үчүн, бала алардын кыймылын координациялап жана контролдоону үйрөнүшү зарыл. Мисалы, чуркоо же басуу учурунда тең салмактуулукту бир буттан экинчи бутка өткөрүүдө буттарынын кыймылдарын координациялоосу керек. Ушул эле нерселер тепкичтерден чыгып түшүүдө керек болот, эгерде таяныч менен чыга турган болсок, болгону мында кошумча катары бут менен колдордун кыймылдарын макулдаштыруубуз керек. Кыймылдуу оюндар – буттун, колдун жана бардык дененин кыймылдарын координациялоодо эң жакшы ыкма болуп саналат.

 

Бала чоңойгон сайын, анын өнүгүүсүнө жана жаңы жөндөмдөргө ээ боло баштаганына байланыштуу, кыймылдуу оюндардын мүнөздөрү өзгөрө турганы талашсыз. Ошондуктан сиздин балаңыздын өнүгүү деңгээлине жараша кыймылдуу оюндарды тандаганыңыз абдан маанилүү. Болбосо балаңыз оюндан ырахат албайт, же ал оюндун пайдасы болбойт. Оюнду баштаганда баланын реакциясын кунт коюу менен караңыз. Эгерде ал сизге кошулуп ойноого ашыкпаса, анда сиз андан көп нерсе күтүп жатышыңыз мүмкүн. «Жөнөкөйрөөк» оюнду алып көрүңүз. Башка тараптан, эгер ал оюнга чоң сүйүнүч менен кошулуп, бирок тез эле токтоп калса, сиз ал үчүн аябай жөнөкөй оюн кылып жатышыңыз мүмкүн, ага кызыксыздыр. Мындай учурда «татаалдаштырылган» вариантты алып көрүңүз. Эч качан баланын жаңы жөндөмдөрдү өздөштүрүүсүн кыйнап талап кылбаңыз. Ал өздөштүргөн жөндөмдөрдүн башкача аткарылуусун сунуш кылып көрүңүз. Мындай ыкма татаалдаштырылган иш-чараларга алып келет, убакыт келгенде керек болот.

(Д.М.Джеффринин, Р.МакКонкинин, С.Хьюсондун «Let Me Play» (мага ойноого уруксат бер) китебинин материалдары боюнча)

Макала Фонд Сорос-Кыргызстандын колдоосу менен даярдалды.