Даун синдромдуу адамдардын ден-соолугун көзөмөлдөө

Чоңойуу

 

Улуу Британиянын Даун синдрому медициналык тобу тарабынан жасалган колдонмолордон (DSMIG UK)

Оригиналдуу жазуу: Basic Medical Surveillance Essentials for people with Down syndrome (Revised 2012). One of a set of guidelines drawn up by the Down Syndrome Medical Interest Group (DSMIG UK); http://www.dsmig.org.uk/publications guidlines.html

Кыска бой Даун синдромдуу бир нече адамдардын мүнөздүү өзгөчөлүгү . Орточо бойдун узундугу көпчүлүк жашта жалпы калктын экинчи процентилине туура келет. Кээ бир балдардын ден-соолуктарындагы кошумча көйгөйлөр, алардын өнүгүсүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Даун синдромдуу балдарда көп кездеше турган ден-соолук көйгөйлөрү катары тубаса жүрөк оорулары , апноэ (уйку менен байланыштуу үстүнкү дем алуу түтүктөрүнүн жабылуусу) , целиакия , тамактануу көйгөйүнө байланышкан азыктануу жетишсиздиги, калкан сымал бездеги  гормондордун аздыгы болуп саналат. Өсүүгө, жалпы ден-соолука, азыктанууга жана калкан сымал бездин абалына дайыма (регулярдуу түрдө) байкоо жүргүзүү начар өсүүнүн патологиялык себептерин аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Бириккен падышалыкта (Великобританияда) жана Ирландияда ымыркайдан 18 жашка чейинки ден-соолугу чың Даун синдромдуу балдар үчүн даярдалган өсүү диаграммалары жеткиликтүү, бул диаграмма 2011-жылы кайра каралып чыккан.  Бул маалыматтык жадыбал туура кеткен өнүгүүнү көзөмөлдөө үчүн абдан баалуу. Бирок Даун синромдуу өспүрүмдөр жана чоң адамдар көбүнчө ашыкча салмакта (семиз) болушкандыктан, салмагы графигиндеги көрсөткүчтөр жетишиле турган стандарттык көрсөткүч катары кабыл алынбашы керек. Дененин салмак индекси (Индекс масса тела) ДСИ маалыматтары өнүгүү жадыбалына ашыкча салмактуу адамдарды аныктоо үчүн кошулган.

* Түрк балдары үчүн төрөлгөндөн 18 жашка чейин чоңойуу жана өнүгүү диаграммалары бар (http://www.downturkiye.com/saglik)

 

Сунуштар:

  1. Даун синдромдууга өзгөчө чоңоюу диаграммаларына жараша өсүшүн көзөмөлдөөнү сунуштайбыз. Биринчи эки жашында жана кийинки балалык чактарында бир жылда эң азы бир жолу, чоңойгондо болсо дайыма белгилүү аралыктарда бой менен салмагы текшерилип катталып туруусу керек. Бул сыяктуу  регулярдуу ченемдер, пайда боло турган ден соолук көйгөйлөрүнүн эртерээк көрсөтө турган факторлор болушу ыктымал.
  2. Ар бир балада боло тургандай эле Даун синдромдуу балдарда дагы чоңойуу ылдам же кеч мезгилдери байкалат, бирок Даун синдромдуу балдарда бул мезгилдер дагы узак сүрүлүү тенденциясы бар. Бул абал чоңоюу диаграммасына толугу менен көрсөтүлгөн эмес.
  3. Ар бир ымыркайга кылынчу төрөлгөндө жана алтынчы жумада баланын башынын айланасы ченелүүсү керек, ошондой эле Даун синдромдуулар үчүн жасалган атайын чоңоюу графигинде жасалышы керек. Кийинки ченемдер зарылчылыкка жараша графикке түшүрүлүүсү керек.

 

Эрте төрөлүү

37 жумага толбой эрте төрөлгөн Даун синдромдуу ымыркайлар үчүн төрөлгөндөгү салмагын көрсөтө турган диаграмма жок. Ошентсе дагы, төрөлгөндөгү ымыркайлардын салмактары калктын жалпы көрсөткүчтөрүнө  жакын болгондуктан жаңы төрөлгөн жана эмчектеги балдардын чоңоюусун көзөмөлдөө диаграммасы менен төрөлүүсү керек болгон датага чейин колдонмо катары колдонсо болот.  Төрөлүүсү керек болгон датадан кийин болсо Даун синдромдуу балдардын чоңоюу диаграммаларына жараша көзөмөлдөө жүргүзүлүүсү керек. Өнүгүүдө бул диаграммада катталганда жок дегенде бир жыл бою туураланган гестациалык жашына ылайык колдонулушу зарыл.

 

Жаңы төрөлгөн жана кичинекей ымыркайлар

Даун синдромдуу балдар үчүн эрте салмак жоготуу 10% дын үстүндө болушу мүмкүн жана төрөлгөн мезгилдеги салмагына жетишүү эки жумадан узун убакытка созулушу мүмкүн.  Олуттуу ден соолук көйгөйлөрү болбосо көбү ымыркайлар 4 жумада кайра төрөлгөндөгү салмактарына жетишет. Эрте салмак жоготуу 10%  жогору болгон жана белгиленген убакытта (>4 жума) салмагын кайра кайтара албаган ымыркайлар ылдыйда жаткан патологияга жана азыктануу кыйынчылыктарына байланышкан деталдуу текшерүүдөн өтүшү керек. Бул ымыркайлардын апасынын эмчегин эмизүүгө аракет кылып кубаттандырылуусу керек.

 

Арыктык

Салмак диаграммасынын экинчи процентилинин  алдындагы балдарга дароо адис тарабынан баа берилүүсү зарыл. Бул баа берилгендин натыйжасында бир топ бала ден соолуг чың болуп чыгышат. Бирок жүрөк оорулары, же болбосо башка ден соолук көйгөйлөрү болгон, азыктануу кыйынчылыктарына дуушар болгондор андан дагы ылдыйкы процентилде болуулары ыктымал. Бул балдар болжол менен өздөрүнүн чоңоюу диаграммаларына паралел өнүгүү көрсөткүчтөрүнө ээ болушса, кам санабаса болот, ал эми мунун тескерисинче же болбосо эң аз процентилге түшүп калса, анда  педиатрдын баа берүүсүнө зарылчылык болот. Керек болгон учурларда азыктануу боюнча сунуштар жана колдоочу кошумча тамак бериле башталат.

 

Семиздик

  • Даун синдромдуу адамдарда семиздик же толук болуу пропорциясы калктын калганына салыштырмалуу жогоруу. Бул адамдар үчүн, жалпы калкта болгондой эле  толуктук айлана чөйрө факторлорунун жана генетикалык факторлордун таасири астында.
  • Даун синдромдуу ар бир адамга диета жана физикалык кыймыл жөнүндө ылайыктуу жана астыга багытталган азыктануу сунушу берилүүсү зарыл.
  • Даун синдромдууга атайын даярдалган өсүү диаграммаларына көз жүгүртсөк, Бириккен падышалыктын (Великобританиянын) изилдөө топторунда өзгөчө кеч балалык жана өспүрүм учурунда семиздикке оо байкалган.  Ошондуктан стандарттык чоңоюу диаграммасы  Даун синдромдуу балдар үчүн колдонулбашы керек. Эки жаштын үстүндөгү балдар салмагы көп болгонуна байланыштуу кайгыруулар болсо, же болбосо баланын салмагы жетимиш бешинчи процентилдин үстүндө болсо, баланын өнүгүүсү ТСИ жадыбалына жараша каралышы мүмкүн. Бул диаграммага жараша салмагы көп болгон балдардын керектүү болгон учурда адистин сунушун алып салмагын калыбына келтирилүүсү зарыл.
  • Калкан сымал бездин функциясын салмагы ылдам өскөн балдарда текшерүү зарыл.

 

Жыныстык жетилгендик

Даун синдромуна атайын даярдалган чоңойуу диаграммаларында жыныстык жетилгендик тууралуу маалымат жок. Бирок бул балдарда жыныстык жетилгендик болот. Жетилгендик жалпы калкка салыштырмалуу азыраак белгилери бар жана эртерээк жашта пайда болушу мүмкүн. Акыркы бойго жалпы калктан эртерээк жетишет.  Эгерде эрте жыныстык жетилгендик башталышы болсо, бул абал акыркы бойду өсүүнү токтоотуучу  таасири болушу мүмкүн.

 

Чоңоюу гормондору

Чоңоюу гормондору Даун синдромдуу адамдардагы таасири дагы деле бааланып бүтө элек. Даун синдромдуу адамдарда сейрек кездешүүчү коштолгон баштапкы чоңоюу гормонунун аздыгы же болбосо чоңоюу гормонунун өнүгүүгө далилденген оң таасири жок. Ата-энелердин бойлору Даун сидромдуу адамдын боюна болгон таасири ар кандай.

Материал “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен даярдалган.