Даун синдрому (Трисомия 21)

Down-Syndrom (Trisomie 21) Даун синдрому (Трисомия 21)

 

Эрте кийлигишүү

Даун синдрому бар ар бир индивид өнүгүп өсүшүндө  чоң айырмачылыктар болушу мүмкүн. Баштапкы жылдары Даун синдромдуу балдардын өсүшү жалпы жонунан өтө жай болот. Мисалга алсак, кадимки балдарга салыштырмалуу оорунун курчушуна каршы туруу көбүрөөк убакытты талап кылат. Даун синдромдуу балдарда айрыкча  пикир алуусунда, алмашуусунда ар кандай кыйынчылыктар жаралат.

 

Даун синдромдуу балдар алгачкы жылдарынан баштап өтө ыңтызарлык менен үйрөнө алышат, ошондуктан үйрөтүү үчүн педагогикалык эрте  кийлигишүү кадамдарын баштоо зарыл. Эрте жаштагы өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратуусу мүмкүн болгон угуу жана көрүү  бузулуулары, жүрөк оорусу сыяктуу  коштоп жүрчү көйгөйлөрдү табуу үчүн медициналык көзөмөлдөн бат-бат өткөрүлүп туруулары керек.

 

Эрте кийлигишүү  булчуңдардын өнүгүүсү үчүн физиотерапиядан, моторикалык жөндөмдүүлүгүн жакшыртуудан, когнитивдик (ойлонуу, үйрөнүү ж.б.у.с. жөндөмдүүлүгү) жана психологиялык көнүгүүлөрдөн турат. Суусунудукту рахаттанып ичүү учурунда  өнүгүүнүн когнитивдик стимуляциясын кылуу, белгилүү бир деңгээлде өнүгүүнү колдой турганын бир изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөн.

 

Сүйлөөнү өстүрүү

Трисомия 21 диагнозу бар балдардын көрүү органдары, кыска мөөнөттө угуу аркылуу эсте тутуусуна салыштырмалуу эң жакшы өрчүгөн. Бул жөндөмдүүлүгү «визуалдык сүйлөшүү» аркылуу мисалы жаңсап сүйлөө жана эрте окуу аркылуу колдонулуусу мүмкүн. Бул учурда жаңсап сүйлөө кадимки сүйлөөнүн ордуна өтпөөсү зарыл, айрыкча ал сөз визуалдаштырылып анан анын катуу айтылышына жардам берүүсү керек. Жаңсап сүйлөө болжол менен баланын эки жашынан баштап анын сүйлөөсүн колдоо багытында колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле эрте окууну үйрөнүү максатында кызмат кылат. Баланын сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүнү жеңилдетүүгө өбөлгө түзө турган, көнүгүү сөздөрү бул жерде жалпы сөз, башкача айтканда «Сүрөт» катары түшүндүрүлүүсү зарыл.  Даун синдромдуу балдар дагы окууну жана жазууну түшүнүү менен үйрөнө алышат.

 

Моторикалык жөндөмдүүлүктү өстүрүү

Трисомия 21 булчуңдары тартылбаган (булчуң тонустары) жана жөнөкөй эле кыймылды жасоодо көбүрөөк убакытты талап кылат. Ошондуктан физиотерапиялык көнүгүүлөрдүн  жардамы менен чоң жана майда кыймылдаткыч аракеттердин координациясын жана булчуңдарды чыңдоо өтө зор мааниге ээ.

Педиатр жана адис дарыгерлер ар бир пациентке жараша тиешелүү терапиялык программаларды сунуш кылышат.

Терапияны чечүү учурунда бала менен физиотерапевтин ортосундагы байланыштын маанисин унутпоо керек. Бала физиотерапевтке ишенүүсү, ал  тарабынан мотивация болуусу зарыл. Сунушталган көнүгүүлөр оюн түрүндө  өтсө, баланын кызыгуусу артат.

 

Психо-социалдык жактан өнүктүрүү

Даун синдромдуу балдарга көбүрөөк убакыт жана көңүл бөлүү талап кылынат. Катуу талаптарга балдар сезимталдык менен жооп кайтарышат: кичинекей балдар башка жакты карап отуруп алышса, чоңураактары жөн гана басып кетишет. Алардын социалдык жана сезимталдык жөндөмдүүлүктөрү көбүнчө аябай жакшы өнүккөндүктөн, башка адамдар менен мамиле түзүүдө кыйынчылык туудурбайт, ошентсе дагы белгилүү тартип сакталышы керек. Ошондуктан алар топтордун чоңдугу башкаруу талаптарына ылайык болгон жана  тиешелүү колдоо сунуштары жетиштүү болгон интегративдик бала бакчада же болбосо кадимки бала бакчада, өздөрүн туура алып жүрө алышат.

Өнүктүрүүнүн максаты, максималдуу көз карандысыз жашоого, мүмкүн чоңойгондогу жашоосунда керектелүүчү жөндөмдүүлүктөрүн  өнүктүрүүнү камтышы өтө зарыл.

 

 

Терапия

Ар кандай молекулярдык-генетикалык жана техниканын өнүгүү жетишкендиктерине карабастан, азыркы учурда 21- хромосоманын үчөөнүн бирөөсүнө бөгөт коюу, же болбосо таасирсиз кылуу натыйжасыз болуп келет. Максаттуу өнүктүрүү жана тиешелүү кароо жүргүзүү аркылуу Даун синдромдуу балдар дагы жашоосун жеңилдетүүгө керектүү колдоону ала алышат.

 

Даун синдромдуу балдардын бат-бат ооруй турган ден соолук көйгөйлөрүн бүгүнкү күндө жалпысынан оңой чечүү мүмкүн.  Жүрөк оорусун жана ичеги ооруларын жакшы операция жолу менен оңдосо болот. Мисал катары балдардын угуу көйгөйлөрүн эрте убакытта алдын алып, сүйлөө өнүгүүсүн жакшыртса болот. Түшүнүү  кыйынчылыктарын  жоюу максатында, жаңсап сүйлөө учурунда жардам бериши мүмкүн. Ошондуктан мындай балдар менен баарлашуу учурунда  жайыраак жана тагыраак сүйлөөсү зарыл жана сүйлөөнү жаңсап  коштосо болот. Таңдайдын бийиктиги жана туура эмес жайгашкан тиштери ортодонт тарабынан жакшы даарылатуу мүмкүн (мисалы кийме таңдай аркылуу). Айрыкча маанилүү нерселерден эрте жаштан максаттуу сүйлөө сабактары эсептелет. Интенсивдүү физиотерапия көбүнчө күчсүз болгон кошулган байлоолорду жана  булчуңдарды чыңдайт.Эгер балдардын дем алуусу начарласа медициналык таблеткалар менен (мисалы антибиотик) дарылоо керек.

 

Кыйынчылык акыл  эс майыптыгынын позитивдүү таасирин түзөт. Бул жерде баланын үй-бүлө ичиндеги тарбиясы абдан маанилүү, андан кийин коомдогу жүрүш-турушун үйрөтүү жана көнүгүүсүн жүргүзсө болот. Ар тараптуу тарбиялаган үй-бүлөдө чоңойгон Даун синдромдуу балдар өздөрүн коомдо жакшы алып жүргөн жүрүш-туруштары байкалган. Кандай болгон күндө дагы Даун синдромдуу балдар мүмкүн болушунча эртерээк жана максаттуу түрдө алардын акыл эс деңгээлине жараша тиешелүү өнүгүү программасы болгону жакшы.  Айрым учурларда алар кийинчерээк атайын мектептерге  бара алышат. Бирок белгилүү бир даражадагы акыл эс көйгөйү жана жардамга муктаждыгы жашоосунун аягына чейин сакталат. Даун синдромдуу балдар үчүн үй-бүлөдөгү жана теңтуштарынын ичинде кабыл болуусу, адистик медициналык дарылоо жана майыпты туура медициналык кароо жакшы өнүгүүгө маанилүү кадамдарды таштайт.

 

https://www.kinderaerzte-im-netz.de/krankheiten/down-syndrom-trisomie-21/fruehfoerderung/

 

Материал “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен даярдалган.