Даун синдрому жана физиотерапия

Күнүбүздө ымыркайдын жашоосундагы алгачкы жылдары анын келечектеги өнүгүү ачкычтары катары коомдо кабыл алынат. Ошондуктан көйгөйлөрдү балалык чагында чечүү, узун мезгилде адамдын жашоо сапатын жана жөндөмүн аныктаганы үчүн мааниси зор. Педиатриалык физиотерапия баланын жете алган эң жогорку функциялык жөндөмүнө жетишүү үчүн колдонулат.

 

Өнүгүүгө таасир берүүчү факторлор

Даун синдромдуу балдарда борбордук нерв системасындагы көйгөйлөрдөн тышкары мотордук өнүгүүсүнө таасир берген эки маанилүү  симптом бар.

Төмөнкү булчуң тонусу (булчуңдар чыңалбаганда тартылуусу ылдый, назик сезилет).

Томуктагы муундардын бошоңдугу (гиперкыймылдуулук, томук муундары аябай чоюлчаак).

 

Бул эки өзгөчөлүк генетикалык жактан бекитилген жана Даун синдромдуу балдарда ар кандай деңгээлде кездешет. Бул абал муундардын айланасындагы булчуңдарда жетишсиз чыңалууга себеп болот (чыңалуунун азаюусу) жана күчсүздүк жадыбалы ортого чыгат. Жерге тартылууга каршы кыймылдарды баштоо жана улантуу оңойго турбайт. Аз аракет жасашат жана отуру, жөрмөлөө, басуу сыяктуу өнүгүү тепкичтерине кечирээк жетишет.

 

Көрүү, угуу, тактилдик, дене сезүүсү  сыяктуу сезимдер, сезүү органдары тарабынан алынып мээге жеткирилет. Мээ бул сигналдарды алат, иштеп чыгат, уюуштурат жана дененин  бул сигналдарга ылайык жооп берүүсүн жасайт. Бул процесс сезим бүтүндүгү деп аталат. Туура кыймыл бул системанын жакшы иштөөсү менен мүмкүн болот. Даун синдромдуу балдарда бардык сезүүлөрдү алып, алардын иштелип чыгышында ар кандай денгээлдеги көйгөйлөрдү жолуктурууга болот. Айрыкча жүрөк оорулары, азыктануу жана аш кылуу системасындагы кээ бир көйгөйлөр, жасалган операциялар дагы жай өнүгүүгө себеп болот. Колдордун колдонулушу жана кол-көз координациясы сыяктуу майда мотор өнүгүүсү, тамактануу жана сүйлөшүү сыяктуу ооз моторун кызыктырган функциялар дагы таасирленишет.

 

Даун синдромдуу балдар сөзсүз басышат. Аз сандагы балдар жалпы өнүгүү ылдамдыгын кармай алышат. Бирок чоң көпчүлүк  кеч өсөт, өсүү учурунда мүнөздүү толуктоочу турууну жана кыймылдарды өнүктүрүшөт. Булар бул синдромго байланыштуу денени колдонуу өзгөчөлүгү. Отурганда тонустун аздыгынын айынан топтолуу, кенен жерде отуруу жана колдорго таянуу, буттарды чоң ачып абалды алмаштыруу, бутта турганда тизелердин аябай жабылышы, кичине кадамдар менен буттарды чоң ачып басуу көп көрүлөт. Кыймыл аракет чектүү, деңгээлди сактоо жана коргонуу реакциялары алсыз.

 

Кадимки балдардын жана Даун синдромдуу балдардын өсүү айырмачылыктары төмөндөгүдөй

 

Мотор Кадимки бала Даун синдромдуу бала
Башын контролдоо 1-4 ай 3-9 ай
Айлануу 2-10 ай 4-12 ай
Отуруу 5-9 ай 6-16 ай
Өйдө туруу 7-12 ай 8-26 ай
Бутта туруу 9-16 ай 12-38 ай
Басуу 9-17 ай 13-48 ай

(Cunningham 1982)

 

Бул жадыбалда көрсөтүлгөндөй кадимки бала менен Даун синдромдуу баланын ортосунда өсүү айырмачылыгы баштапкы айларда көп эмес. Бирок жердин тартылуусуна каршы жасалган бутта туруу жана басуу деңгээлдерине келгенде айырманын чоңойгону көрсөтүлгөн.

Даун синдромдуу балдардын арасындагы өсүү айырмачылыгы баланын булчуң жана муундарынын бошоңдугу даражасына, кыймылдуулугуна, үй-бүлөөлүк  жана айлана-чөйрөдөгү факторлорго, жалпы ден-соолук абалына жараша өзгөрөт.

 

Физиотерапиянын максаттары

Бүгүнкү күндө эң заманбап дарылоо болгон Бобата / нейро өнүктүрүү дарылоо ыкмасы, Даун синдромдуу ымыркайлардын физиотерапиясы үчүн идеалдуу. Жалгыз кана моторлордун өнүгүүсүн камтыбастан, угуу, эмоционалдык-социалдык жана билүү өнүгүүлөрүн дагы камтыйт. Мунун айланасында:

Ымыркайдын сенсордук стимуляциясы

Ыңгайлуу позицияны алуу, кучактоо жана көтөрүү

Эмүү, азыктануу жана сүйлөшүү үчүн керектүү болгон ооз жана бет булчуңдарынын иштөөсү

Мотордук өнүгүү баскычтары (айлануу, отуруу, жөрмөлөө, бутта туруу, басуу)

Майда мотордук кыймылдарынын өнүгүүсү (колдордун колдонулушу, кол-көз координациясы)

Туруу контролу

Кыймыл аракеттердин жана басуунун сапаттары

Толуктоочу (компенсированные) кыймылдардын азаюусу

Тең салмактуулук, түздөнүү жана коргонуу реакцияларынын иштеп чыгаруу

Ишеничке таянган мамилени өнүктүрүү, социалдаштыруу

Көйгөйлөрдү чечүү, тууроо, түшүнүү, өздөштүрүү

Булчуң-скелет системасын байкоо, ортого чыккан бузулуулар тууралуу үй-бүлөнү билдирүү жана керек болсо адис даарыгерге жөнөтүү

Буттун дени сактыгы (туура бут кийим кийүү, батек жана ортопедиялык көнүгүүлөр)

Үй-бүлөнүн окутулуусу

 

Физиотерапия оюн кыялынын  ичинде жүргүзүлөт.

Терапия сеансы баланы оюн кыялынын ичинде балоо, терапия жана кайрадан баалоо айланасында курулган.

Бала, үй-бүлө жана физиотерапевт чогуу иштөөлөрү керек.

Физиотерапия таасирдүү болушу үчүн баланын жашоосу пландалышы керек, үйдүн ичи ылайыкташтырылуусу керек жана терапия үй шарттарында дагы жүргүзүлүүсү керек.

Үй-бүлөөнүн бардык мүчөлөрүн терапиянын процессине катыштыруу менен коюлган максат негизги функция жана жашоо сапаттарына жетишсе болот

 

Бедиа Кожабалкан

Бала физиотерапевт жана Бобата терапевти

 

Материал “Сорос-Кыргыззстан” фондунун колдоосу менен даярдалган.